Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 21
Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин ашканасына электр жабдууларын алуу жөнүндө
Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин ашканасына электр жабдууларын жана азык-түлүк коюлуучу кампасын оңдоо максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин ашканасына электр жабдууларын жана азык-түлүк коюлуучу кампасын оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 36950 (отуз алты миң тогуз жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы тиркелет).
2. Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин директору Артелбек кызы Мээримге тиешелүү сметаны жана деффект актысын түзүү жана тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |
Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин ашканасынан керектелүүчү электр жабдыктарынын сметасы
№ | Аталышы | Баасы | Саны | Суммасы |
1 | Кабель 2х4 | 15 сом | 300 м | 4500 |
2 | Автомат 63 | 120 | 16 шт | 1920 |
3 | Автомат 100 | 270 | 3 шт | 810 |
4 | Резетка | 80 | 10 шт | 800 |
5 | Плафон | 400 | 10 шт | 4000 |
6 | Буу соргуч | 10000 | 1 шт | 10000 |
7 | Гипсакартон | 360 | 17 | 6120 |
8 | Профиль стенный | 80 | 70 м | 5600 |
9 | Пластик | 120 | 20 | 2400 |
10 | Шруп | 160 | 5 пачка | 800 |
11 | Жалпы |
|
| 36950 |