Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 22
Казыбек айылындагы трансформаторлордун айланасын тосуу жөнүндө
Казыбек айылындагы 5( беш) трансформатордун б.а.Т.Турдумамбетовдун, Н.Үсөналиевдин, Т.Жакыповдун үйлөрүнүн жанындагы, Н.Үсөналиев орто мектебинин жанындагы жана Аманалы к. Ажар көчөсүндөгү трансформаторлорунун айланасын тосуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы 5(беш) трансформатордун б.а. Т.Турдумамбетовдун, Н.Үсөналиевдин, Т.Жакыповдун үйлөрүнүн жанындагы, Н.Үсөналиев орто мектебинин жанындагы жана Аманалы к. Ажар көчөсүндөгү трансформаторлорунун айланасын тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 48600 (кырк сегиз миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (сметасы тиркелет).
1 Айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Эшмамбетов трансформаторго тиешелүү сметаны жана деффект актысын түзүү жана тендерге жарыялоого документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жеңүүчү фирмага которуп жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э. Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |
Казыбек айылындагы трансформаторлордун айланасын тосуу боюнча сметасы
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү | Суммасы | Жалпы сумма |
1 | Тор зым | метр | 60 | 220 | 13200 |
2 | Катинка | 8мм, метр | 5 | 3000 | 15000 |
3 | Угольник | 4мм, метр | 60 | 135 | 8100 |
4 | Угольник | 5мм, метр | 60 | 195 | 11700 |
5 | Электрод | пачка | 1 | 380 | 380 |
6 | Вулканит | штук | 1 | 250 | 250 |
| Жалпысы |
|
|
| 48630 |