Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 1
Метеорологиялык станция куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Региондорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Борбордук Азиядагы Гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорунун негизинде “Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт айыл” аймагынын климаттык шарттарын изилдөө максатында заманбап автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу каралууда.
Кыргызгидрометтин станцияларын жана посторун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси боюнча (15-главасынын 84, 85-беренелери) жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы №94 “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине кирет жана өзгөчө коргоо режими белгиленет деп көрсөтүлгөн.
Жогоркулардын негизинде, Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт аймагындагы мурунку метеостанция турган жерден автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу үчүн жогорудагы талаптарга ылайык 0,10 (он сотых) га жер тилкесине макулдук берүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат :
1. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт аймагындагы мурунку метеостанция турган жерден автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу үчүн 0,10 (он сотых) га жер тилкесине макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |