Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 2/3
Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылынын “Чоко-Булак” ИСКАКБ бирикмесинин 2020-жыл ичиндеги аткарылган иштери боюнча отчетун угуу, 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылынын “Чоко-Булак” ИСКАКБ бирикмесинин 2020-жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча отчету “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын «Чоко-Булак» ИСКАКБ бирикмесинин 2021-жылга бюджети 150 450 (бир жүз элүү миң төрт жүз элүү) сом менен тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Чоко-Булак» ИСКАКБ бирикмесинин жетекчиси Э Касидиновго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |
Тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2021-жылдын 8-апрелиндеги
№2/3 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылындагы “Чоко-Булак” ИСКАКБсынын 2021-жылга карата бюджети
№ | Мазмуну | Сумма (сом) |
1 | Тариф боюнча таза суу пайдалангандар жапы 418 адам | * |
2 | Мунун ичинен үйгө суу киргизгендер 239 адам х 30 сом | 7170х12 |
3 | Көчөдөн алгандар 179 адам х 20 сом | 3580х12 |
4 | Жергиликтүү бюджеттен электр энергиясы үчүн | 15 000 |
5 | А Капаров орто метебинин таза суусу үчүн жергиликтүү бюджеттен | 3225 |
6 | Дисней бала бакчасынынын таза суусу үчүн жергиликтүү бюджеттен | 2225 |
7 | ФАПтын таза суусу үчүн жергиликтүү бюджеттен | 500 |
8 | Китепкананын таза суусу үчүн үчүн жергиликтүү бюджеттен | 500 |
| Жалпы киреше | 150 450 |
Чыгымдарга: | ||
1 | Эмгек акы эки адамга | 66 000 |
2 | Сатуудан түшкөн салык | 3870 |
3 | Роялити салыгы | 6450 |
4 | Киреше салыгы | 5500 |
5 | Соц фонд | 11 385 |
6 | Сан эпид (штрафтан тышкары) | 1500 |
7 | Ар кандай чыгымдар | 35 745 |
8 | Электр энергиясы үчүн | 20 000 |
| Жалпы чыгаша | 150 450 |
|
|
|
Төрага | Ж. Иманкулов |