Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 1/3
Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга аткарылган иштери боюнча отчетун угуу жана 2021-жылга карата жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын ЖПБнын 2021-жылга бюджети 389600 (үч жүз сексен тогуз миң алты жүз) сом менен 1-тиркемеге ылайык, ал эми 2021-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-2-тиркеме тиркелет)
3. Токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке ашыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М Искак уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Расмий жарыялоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |
1-тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2021-жылдын 12-февралындагы
№1/3 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджети
Киреше бөлүгү | ||||
1 | Жайыт акы 2021-жыл | 1күнгө 0,15 6000х0.15х264=237 600 1141х0,15х365=62 500 |
300100 | |
2 | Кыйыр пайдалануу | 50га | 1400 | 70000 |
3 | Туризм | 1сотых | 100 | 19500 |
| Баары |
|
| 389600 |
|
| |||
Чыгаша бөлүгү | ||||
1 | Жайыт акы салыгы | 43572га | 2.34 | 102000 |
2 | Жалпы бюджеттин 3/1 |
|
| 27867 |
3 | Кара-Коюн кудук |
|
| 16000 |
4 | Эмгек акы төрага | 11.5ай | 5000 | 59000 |
5 | Эмгек акы эсепчи | 12ай | 4800 | 57880 |
6 | Соц фонд 17.25% |
|
| 20162 |
7 | Кеңсе буюмдары үчүн |
|
| 5000 |
8 | Ксерокс 3/1 оңдотуу |
|
| 1500 |
9 | Машинанын арендасы август-сентябрь | 2ай | 3000 | 6000 |
10 | Жайыт жерлерине мониторинг жүргүзүү | ГСМ |
| 10000 |
11 | Жайыт инфраструктурасын оңдоо | ГСМ |
| 74000 |
12 | Ар кандай чыгымдар |
|
| 3691 |
13 | Окууга |
|
| 6500 |
| Баары |
|
| 389600 |
Кара-Суу айыл аймагындагы шарттуу малдын башын аныктоо жана маалымат | ||||
№ | Малдын түрү | Саны | Коэфиценти | Шарттуу мал |
1 | Жылкы | 1818 | 1 | 1818 |
2 | Уй, топоз | 2283 | 1 | 2283 |
3 | Кой-эчки | 15200 | 0,2 | 3040 |
| Шарттуу малдын башы |
|
| 7141 |
Төрага | Ж. Иманкулов |
2-тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин
2021-жылдын 12-февралындагы
№1/3 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жайыт башкаруу жана көчүү конуу, жайыттарды которуштуруп пайдалануунун жылдык планы
№ | Участок | Табигый мезгили же шарты | Эс алуу мөөнөтү | Пайдалануу мөөнөтү | Аткаруучу |
1 |
| Чөп чабынды, үлүш жери | 20.04.2021-ж 01.10.2021-ж | 01.10.2021-ж 20.04.2022-ж | ЖК |
2 |
| Жаз-Күз | 01.06.2021-ж 01.10.2021-ж | 01.10.2021-ж 01.06.2022-ж | ЖК |
Төрага | Ж. Иманкулов |