Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/4
“Чоң-Туз” шахтасынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” ЖЧКсынын келишиминин талаптары аткарылбагындыгына байланыштуу, Чолпон айылдык кеңешинин депутаттарынын жана жергиликтүү тургундардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 5 календарлык күн ичинде (2021-жылдын 28-июлуна чейин) токтомду, сессиянын протоколун жана айылдык кеңештин депутаттарынын кайрылуусун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Камчыев Курбанбек Камчиевичке жана “Чоң-Туз” ЖЧКсына жөнөтүлсүн.
2. Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” ЖЧКсынын келишиминин негизинде ижара акысын бөлүп төлөбөстөн 1 120,0 миң сом акча каражаты толук төлөнүп берилсин.
3. “Чоң-Туз” шахтасынын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлсүн. (тиркеме 1 баракта тиркелет).
4. Чолпон айыл өкмөтү менен “Чоң-Туз” ЖЧКсынын келишиминин талаптары толук аткарылбаса Чолпон айыл өкмөтүнүн балансасында турган инвентарларга мөөр (пломба) басылып ишмердүүлүгү токтотулсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |
Чолпон айылдык кенешинин
22.07.2021-ж. №3/4 токтомунун
тиркемеси
“Чоң-Туз” шахтасынын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында төмөндөгү курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
1. Абдраимов Дүйшембек Өмүрбекович
2. Асанкожо кызы Назгүл
3. Боогачиев Асан Эсенбекович
4. Жалил уулу Аскар
5. Жумалы уулу Адил
6. Кооманов Мыктыбек Миңбаевич
7. Мамбетова Жаңыл Амановна
8. Сатыбалдиева Асель Качкынбековна
9. Сыдыкова Чолпон Нуралиевна
10. Чолпонкул уулу Нурадил
11. Жеңишбеков Чолпонбек Абдракманович
12. Бейшеев Азат Дуулатбекович
13. Ормушева Наргиза Медетбековна
14. Төлөгөнова Бактыгүл Аскарбековна
15. Адисбек уулу Майрамбек
16. Курманбек кызы Зинат
17. Абылабек уулу Чынгыз
18. Алжанбаев Бакытбек Жанышбекович
19. Казиева Ажар Мажиновна
20. Тентимиш уулу Сабит
21. Байсымакова Кенжекан Амановна
Төрага | Жумалы уулу Адил |