Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXI сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 41/5
“Ардактуу атуул” төш белги наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү боюнча Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Боогачиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).
Төрага | Т. Токтомушов |
ТИРКЕМЕ
Депутаттардын VI чакырылышынын
Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги
XXXXI сессиясынын №41/5 токтомуна
“Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Чолпон айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары – айыл аймагындагы мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот;
1.3 “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт;
1.4 “Ардактуу атуулу” төш белги наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюулуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6 Чолпон айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” төш белги наамы бир жылда 6 адамга гана ыйгарылат.
II. Чолпон айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Чолпон айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою жигердүү салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айыл өкмөтүнүн ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Чолпон айыл өкмөтүнүн өсүп-өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен айылдык кеңешинин депутаттарына;
2.3 Чолпон айыл өкмөтүнө инвестицияларды алып келип, жогорку деңгээлде курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
III. Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Чолпон айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуулу” төш белги наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Чолпон айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуулу” төш белги наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
- Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
- Чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
- Коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
- Өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
- Мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуулу” төш белги наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
- Эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
- Өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
“Ардактуу атуулу” төш белги наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
- Өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Паспортунун көчүрмөсү.