Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 39/1
Узун-Булак айылынын көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Булак айылынын чыгыш көчөсүнө Жакыпов Ташы, айылдын батыш көчөсүнө Чороев Анапия, айылдын түштүк көчөсүнө Алыбай кызы Жасина, айылдын түндүк көчөсүнө Байдөөлөт уулу Туткабай, айылдын түштүктөн батышты карай кеткен көчөгө Таласбаев Кооман, айылдын түштүктөн түндүктү карай кеткен кыйгач көчөгө Сыдыков Абдырахман, айылдын түштүктөн түндүктү карай түз кеткен көчөгө Абдиев Кыдыралы ата-апаларыбыздын ысымдарын ыйгаруу жөнүндөгү 2021-жылдын 19-февралындагы Узун-Булак айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун №1 протоколун эске алып, маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августтагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Узун-Булак айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, Узун-Булак айылынын 7 көчөсүнө эл үчүн кызмат кылган, элге эмгеги сиңген, Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан жана элге кылган кызматын эске алуу менен Узун-Булак айылынын чыгыш көчөсүнө Жакыпов Ташы, айылдын батыш көчөсүнө Чороев Анапия, айылдын түштүк көчөсүнө Алыбай кызы Жасина, айылдын түндүк көчөсүнө Байдөөлөт уулу Туткабай, айылдын түштүктөн батышты карай кеткен көчөгө Таласбаев Кооман, айылдын түштүктөн түндүктү карай кеткен кыйгач көчөгө Сыдыков Абдырахман, айылдын түштүктөн дүндүктү карай түз кеткен көчөгө Абдиев Кыдыралы ата-апаларыбыздын ысымдары Узун-Булак айылынын 7 көсүнө ыйгарылсын.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Узун-Булак айылынын башчысы А. Байдавлетовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |