Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021- жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 25 987 600 (жыйырма беш миллион тогуз жүз сексен жети миң алты жүз) сом;
2) Теңдештирилген грант – 1 496 400 (бир миллион төрт жүз токсон алты миң төрт жүз) сом.
Баардыгы: 27 484 000 (жыйырма жети миллион төрт жүз сексен төрт миң) сом.
Чыгаша бөлүгү:
1) Башкаруу аппараты – 15 866 500 (он беш миллион сегиз жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом;
2) Жайыт комитети – 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
3) Мектептер – 6 552 800 (алты миллион беш жүз элүү эки миң сегиз жүз) сом;
4) Бала бакчалар – 4 975 700 (төрт миллион тогуз жүз жетимиш беш миң жети жүз) сом.
Баардыгы: 27 484 000 (жыйырма жети миллион төрт жүз сексен төрт миң) сом.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетин №1 тиркемеге ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2022-жылга 28 649 600 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант-1 611 800 сом
- жергиликтүү кирешелер- 27 037 800 сом
- 2023-жылга 29 230 500 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант – 1 354 700 сом
- жергиликтүү кирешелер- 27 875 800 сом
4. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары |
К. Асанбаева |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 29-январь
2021-жылдагы кезектеги VII сессиясынын
№7-1 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
№ | Кирешелердин аталышы | СУММАСЫ (Мищ сом) |
2021-ж | ||
1 | Салык агенти төлөчү киреше салыгы | 18 424,8 |
2 | Чакан ишкер-к, суб-и учун бирдик салык | 293,3 |
3 | Милдеттүү патенттин негизде салык | 277,2 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 2003,2 |
5 | Кыймылсыз мүлккө салык | 106,7 |
6 | Транспорттук каражаттарга салык юридикалык жактар | 146,3 |
7 | Транспорттук каражаттарга салык физикалык жактар | 1 381,3 |
8 | Жер салыгы-огород | 88,4 |
9 | Жер салыгы- дыйкан чарба | 111,3 |
10 | Айыл чарб-на арналбаган жер салыгы | 964,6 |
11 | Сатуудан салык | - |
12 | Роялти | 7,0 |
13 | Жер казынасын пайдаланууга лицензия үчүн акы | 470,0 |
14 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 120,0 |
15 | Жайыт ижарасы үчүн | 89,0 |
16 | Кайра бөлүштүрүү фондунун жер ижара акысы | 250,6 |
17 | Таштандыларды чыгаруу учун жыйым | 35,7 |
18 | Атайын каражаттар | 1 218,2 |
| БААРЫ : | 25 987,6 |
19 | Грант (Тещдештирилген грант) | 1 496,4 |
|
|
|
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕР: | 27 484,0 |
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
№ |
Кирешелердин аталышы |
СУММАСЫ (Мищ сом) |
2021-ж | ||
1 | Башкаруу аппараты | 15 866,5 |
2 | Жайыт комитети | 89,0 |
3 | Бала бакча | 4 975,7 |
4 | Мектеп | 6 552,8 |
5 | Жалпы чыгашалар: | 27 484,0 |
Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | Т. Жусубалиев |