Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7-3
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 3 (үч) баракта);
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары |
К. Асанбаева |
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
29-январь 2021-жылдагы
№7-3 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айылдык Кеңешинин 2021-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2021-жылга иш планын бекитүү
| 1-квартал | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемелова |
2 | Ат-Башы айыл аймагынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү | 1-квартал | айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаров, айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиев |
3 | Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2021-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо | 1-квартал | айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиев |
4 | Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү | 1-квартал | Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев |
5 | 2020-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов |
6 | Айыл өкмөттүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
7 | Ат-Башы айыл аймагындагы COVID-19 илдетинин алдын алуу иштери жана ага карата жасалган иштер жөнүндө (гуманитардык, социалдык жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу) | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева |
8 | Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи Н. Карыбеков |
9 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы |
10 | Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаев, инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
11 | Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси, туруктуу комиссиянын төрагасы, райондук архитектуранын башчысы, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
12 | Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаев, туруктуу комиссиянын төрагасы
|
13 | 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу айылдык кеңештин кезектеги сессиясында жана эл алдында айыл тургундарына отчет берүү
| 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов |
14 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаев, ветеринария боюнча башкы адис А. Өскөналы уулу, туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин башчысы
|
15 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
16 | Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу | 4-квартал
| Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
17 | Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө
| 4-квартал | Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева
|
18 | Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А. Мусаева |
19 | Туруктуу комиссияларынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
| 4-квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык Кеңештин катчысы | Н. Кемелова |