Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7-5
Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан 12 көздүү коомдук ажааткананын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Айтбаева Жумабүбү Абдыкеримовнанын 2021-жылдын 28-январында жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсү №153 көп кабаттуу турак үйдүн түндүк тарабындагы муниципалдык жерде жайгашкан элди тейлөө максатында келишимдин негизинде Ж. Айтбаева пайдаланып жүргөн 12 көздүү коомдук ажааткананын ижарага алган келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан 2021-жылдын январь айынан тартып 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылып берилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобого ылайык ижарага берүү келишиминин мөөнөтүн узартып берүү жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары |
К. Асанбаева |