Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 4/3
Айылдык өнүктүрүү программасына «Демилгелүү» жумушчу тобунун көйгөйлөрүн чечүү максатында инвестиция долбооруна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын лидер жаштарынан түзүлгөн демилгелүү жаштардын жумушчу тобунун сунушу менен «Кочкор айыл өкмөтүнүн 2018-2022 - жылдардагы Өнүгүү программасына» толуктоо кийирип берүү боюнча, айылга инвестиция тартуу жана өнүктүрүү максаттарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. «Кочкор айыл өкмөтүнүн 2018-2022 жылдардагы Өнүгүү программасына» тиркемеге ылайык толуктоо киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн «Демилгелүү жаштар» тобунун сунуштаган долбоорлор боюнча инвестиция тартып келүү менен иш алып баруу жагы жумушчу тобунун жетекчиси С. Баракановага милдеттендирилсин.
3. Кочкор аыйыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардагы Өнүгүү программасы жана тиркемеси Кочкор айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу Өнөр жай, инвестиция жана жаштар иштери, миграция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |
Кочкор айылдык кенешинин
08.07.2021-ж. №4\3
токтомунун тиркемеси
Кочкор айыл аймагынын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жж карата стратегиялык жана инвестициялык планына кошумча сунуш
№ | Иш чаранын аталышы | Наркы, болжолдуу акча каражаты | Партнерлор | Күтүлүүчү натыйжа |
1 | Айыл аймагынын генералдык планын түзүү | 5,0млн сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Айыл аймагындагы курулуштар мыйзам чегинде жүргүзүлөт |
2 | «Сейил» парктын тегерегин тосуу | 12,0млн сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Кирген маалдан сакталат, машинасы менен кирген эс алуучуларга чектөө болот |
3 | Парктагы эс алуу скамейкаларын жана фонтан орнотуу | 3,0млн сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Инфраструктурасы жакшырат |
4 | Парктын ичине балдар аянтчасын уюштуруу | 300миң сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Инфраструктурасы жакшырат, эс аллуучу жайлар уюшулат |
5 | И.Арабаев атындагы мектепке кол жуучу жай уюштуруу | 25миң сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Кол жуучу жай уюшулуп жатат, аны толук кандуу иштетүү менен балдарга шарт түзүлөт |
6 | Большевик айылына фудбол аянтчасын куруу | 1,5млн сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Тегереги тосулуп турган фудбол аянчасы толук кандуу ишке кирет |
7 | Көбөгөн сай аймагына бала бакча куруу | 5,0млн сом | Ага Хан фонду, «Демилгелүү жаштар» | Бала бакча куруу менен балдардын өсүп, өнүгүүсүнө шарт түзүлөт, айыл өкмөтү арендага алган бала бакчага кетүүчү акча каражаты үнөмдөлөт |
Кочкор айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
Г.К.Жапарова |