Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 2/2
Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш - планы жана уюштуруу – массалык иштери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планы туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |
Кочкор айылдык Кеңешинин 2021-ж
28- май № 2/2 токтому менен
бекитилген
Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн
Ишпланы
№ | Кочкор айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер: | мөөнөтү | Ким даярдайт | жооптуу |
| Айылдык кеңештин 2021-жыл үчүн иш-планын бекитүү | II - кварталы | Төрага, жооптуу катчы | төрага |
| Айылдык кенештин туруктуу комиссияларын түзүү | II - кварталы | депутаттар | төрага |
| Кочкорайылдык кенештин регламентине өзгөртүү жана толуктоолорду кийирүү менен бекитүү | II - кварталы | Регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Туруктуу комиссиянын төрагасы |
| Туруктуу комиссиялардын иш- планын бекитүү | II квартал | Туруктуу комиссиялар | Туруктуу комиссиянын төрагасы |
| Жайыт комитетинин сунушу менен жайлоого кетүүчү мал жандыктардын салыгынын тарифтик өлчөмүн бекитүү | II квартал | Жайыт комитетинин төрагасы Айылчарба боюнча туруктуу комиссия | Туруктуу комиссиянын төрагасы |
| Кочкор айылдык кенеш тарабынан берилүүчү наам жана сыйлоолордун жобосун иштеп чыгуу менен бекитүү | III - кварталы | Туруктуу комиссиялар | Туруктуу комиссиянын төрагасы |
| Айыл аймагынын тургундарына туракжай үчун жер аянтынын өлчөмүн бекитүү (Кочкор айыл өкмөтүнүн трансформация болгон жер аянттарын) | III- кварталы | туруктуу комиссия, айыл өкмөтү | Туруктуу комиссиянын торагасы |
| Бюджеттин 2021- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык, 9 айлык жана жылдык планынын аткарылышы жөнүндө | III- кварталы | Бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү | Туруктуу комиссиянын төрагасы |
| Кочкор айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2022- жылга бюджеттин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү | III,IV квартал | Бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү |
|
| Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор-Тазалык МИ, Кочкор –Таза суу МИ жана жайыт комитетинин 2021- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетунугуу | 2021- жылдынVI- кварталы | Муниципалдык иш каналардын жетекчилери | жетекчилери |
| Кочкор айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүгүү боюнча2021- жыл үчүн программасынын аткарылышы боюнча отчет | 2021- жылдынVI- кварталы | Айыл өкмөт башчысы | Айыл өкмөт башчысы |
| Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу | 2021- жылдынVI- кварталы | Туруктуу комиссиялар | Туруктуу комиссиялардын төрага |
II. Уюштуруу-массалыкиштер
1. Айылдык кенешти депутаттарынын билимин жогорулатуу максатында окуу-семинарларга катышуу Дайыма, жыл ичи
2. Жарандардын кайрылуулары жана арыз даттануулары менен иш алып баруу
Дайыма,жыл ичи
3. Коомдук угууларды, бюджеттик угууларды уюштуруу
Дайыма, жыл ичи
4. Кесиптик майрамдарды жана башка дааталуу күндөрдү белгилөө жана айылдык кеңештин сыйлыктарын берүү, спорт оюндарын түрүн уюштуруу
Зарылдыгын ажараша, жыл ичи
5. Депутаттардын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу
Зарылдыгына жараша, жыл ичи
6. Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө
Жылына 1 жолу, декабрь айы
7. Инвестиция тартуу жана инвесторлорго жагымдуу жагдайларды түзүү, донорлор менен иш алып баруу
Дайыма, жыл ичи