Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXIX сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 59/4
Кочкор айылдык кеңешинин 18-июль 2019-жылдагы №43\8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын «Токсонбай» участкасындагы жердин маркумдардын сөөгүн коюп, көрүстөн кылууга ылайыктуу болгондуктан Кочкор айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-июлундагы №43\8 токтомуна өзгөртүү киргизүү зарыл. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын «Токсонбай» участкасындагы асфальт-бетон заводунун күн батыш тарабындагы 5(беш) гектар айыл чарба багытындагы жерди (жайытты) көрүстөн алдындагы жерге-жерлердин башка категориясына которуп берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Көрүстөн алдындагы жерге сунуш кылынган жердин тиешелүү документтерин топтотуп райондук мамлекеттик администрацияга тапшыртуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |