Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 58/2
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекилсин (№1 тиркеме )
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |
Кочкор айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын
2021-жылдын 15-январдагы №58\2 токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ | Кызматтын аталышы | Кызматты стандартташтырууга жооптуу орган | Муниципалдык Кызматты аткаруучунун аталышы | Көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү же акысыз! тейлөө кызматы |
Кочкор району, Кочкор АО, Нарын облусу | ||||
1. | 15-февраль: Афган согушунун катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2. | 8-март: Аялдардын эл аралык күнүнө карата белек берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3. | 21-март: Нооруз майрамына карата уюштурулган көргөзмөнүн катышуучуларына сыйлык берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4. | 7-апрель:Революциянын катышуучуларына жана майыптарына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5. | 25-апрель:Чернобль кырсыгынын катышуучуларына жана жесирлерине жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6. | 9-май: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
7. | 1-июнь: балдарды коргоо күнүнө карата томолой жетим балдарга жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
8. | 31-август: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата алдынкы кызматкерлерге сыйлык берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
9. | 1-октябрь: Улгайгандардын күнүнө карата улгайган жарандарга (80 жаштан өйдө) жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
10. | 26-октябрь: Баткен согушунун катышуучуларына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
11. | 1-декабрь: Ден соолугу бонча майыптарга жылына бир жолу материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
12. | 31-декабрь: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн Балдарына жаңы жылдык белек берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
13. | Социалдык жактан өтө муктаж адамдарга материалдык жардам берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
14. | Ээси жок өлүктөрдү коюу боюнча диний ритуалдык кызматтарды көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
15. | Спортсмендерге материалдык колдоо көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
16. | Маданиятты өнүктүрүүгө материалдык колдоо көргөзүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Ж. Балкыбеков |