Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 18-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 1/3
Ат-Башы айылынын тургуну Р Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» авто жолундагы көпүрөгө атасы маркум Мамбетказиев Макелеңдин атын ыйгаруу боюнча арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобого ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын тургуну Р Мамбетказиевдин 28.06.2021-жылдагы “Бишкек-Торугарт” авто жолундагы 405-чакырымында жайгашкан “Кызыл-Көпүрөгө” Мамбетказиев Макелеңдин атын ыйгарып берүү боюнча арызы колдоого алынсын.
2. Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү “Бишкек-Торугарт” авто жолундагы 405- чакырымында жайгашкан көпүрөгө маркум Мамбетказиев Макелеңдин аты берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |