Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 18-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-июлу № 4/2
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык тармак боюнча туруктуу комиссиясынын иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык тармак боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
Төрага | Ж. Иманкулов |
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин 2021-жылдын 27-июлундагы
№4/2 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Агрардык тармак боюнча туруктуу комиссиясынын
2021-жылга иш планы
№ | Туруктуу комиссиянын ишмердиги жана жыйналыштары |
Туруктуу комиссиянын иш чаралары жана жыйналыштары өтчү күн | Каралчу маселелер боюнча иш-чаралар | Аткаруучу АӨ атынан жооптуу адам, | АК туруктүү комиссиясы жана туруктуу комиссиянын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү | Жыйынтык | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1. | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Июль
| Келечек пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). | АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | АК агрардык маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык Кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Айылдык Кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. |
2. | Көчө жарыгы жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуунун абалы тууралуу |
Июль
| Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө маалыматын угуу: - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. | АӨ башчысы | АК аргардык жана социалдык маселелер боюнча жооптуу туруктуу комиссиялары сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык Кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)
|
Айылдык Кеңеш токтом кабыл алат | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. |
3 | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо |
Сентябрь | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын - архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча). Төмөнкүлөр каралат (зарыл болгон учурда): - Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо - Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо | АӨ башчысы АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
| Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын жооптуу мүчөсү комиссиянын бардык корутундуларын жалпылаштырат, материалдарды жана корутундуну (чечимди) даярдайт, туруктуу комиссиянын жыйналышында баяндама жасайт. | АК агрардык тармак боюнча туруктуу комиссиясы корутунду даярдайт жана аны АК сессиясынын кароосуна чыгарат. Жооптуу катчыга АК токтомунун долбоорун даярдап, АК сессиясында каралганга чейин аны маалыматтык такталар, веб-сайттар, ЖМК аркылуу коомдук талкууга чыгарууну тапшырат. | Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга катышуусу. |
4. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Октябрь |
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын маалыматын угуу. Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу. |
АӨ башчысы |
АК агрардык жана социалдык маселелер боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык Кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык Кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык Кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары |
| |||||||
5. | Кийинки жылга иш планын бекитүү
|
Ноябрь |
2022-жылга карата иш планды талкуулоо. |
АК төрагасынын орун басары, АКтин жооптуу катчысы |
Туруктуу комиссиянын жооптуу мүчөсү өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча тийиштүү чечим кабыл алынат. |
Туруктуу комиссия корутунду даярдайт жана аны АК сессиясынын кароосуна чыгарат. Жооптуу катчыга АК токтомунун долбоорун даярдап, АК сессиясында каралганга чейин аны маалыматтык такталар, веб-сайттар, ЖМК аркылуу коомдук талкууга чыгарууну тапшырат.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык Кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
|
| Эскертүү! * Айылдык Кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер кароого ыйгарым укуктуу бардык туруктуу комиссиялар тарабынан жогорудагы үлгүгө ылайык сүрөттөлүшү керек. * Айылдык Кеңештин Типтүү Иш планында көрсөтүлгөн маселелер толук эмес жана жергиликтүү Кеңештерге жана алардын туруктуу комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана мамлекеттик органдардын жана башка уюмдар менен мекемелердин ыйгарым укуктарына таандык болбогон башка маселелерди кароодо чектөө коюлбайт. * Aйылдык Кеңештин Типтүү Иш планында каралган маселелер туруктуу комиссиялар тарабынан алдын-ала каралып, алар боюнча айылдык Кеңештин тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан жана айылдык Кеңештин токтомунун (токтом, тескеме) долбоору даярдалгандан кийин сессиянын күн тартибине киргизилет. * Типтүү Планда белгиленген маселелер алдын ала каралып, туруктуу комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин ченемдик укуктук акт кабыл алынган учурда, туруктуу комиссия ошондой эле каралып жаткан маселе боюнча айылдык Кеңештин токтомунун долбоорун даярдайт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык, АК токтомунун долбоорун ЖӨБ органдарынын расмий сайтына жайгаштыруу же болбосо расмий жарыялоонун башка булактары аркылуу коомдук талкууга чыгарат.
| ||||||
Төрага | Ж. Иманкулов |