Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № XXXIV/1
Баетов айыл өкмөтүнүн жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө Кодексине” ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Баетов айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
3. Токтомду аткарууга алуу жагы алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу. |
Депутаттардын Баетов
айылдык Кенешинин сессиясынын
№ XXXIV /1 токтомуна №1 тиркеме
Баетов айыл ѳкмѳтүндѳгү бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексинде (мындан ары –Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүүѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия )түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлѳт жана туруктуу иштѳѳчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жѳнүндѳ жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия ѳз ишмердүүлүгүнѳо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кем эмес ѳткѳн календарлык жылда аткарган ѳз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссия ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
2. Комиссия түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
8. Комиссия так санда, 7 адамдан, Комиссиянын тѳрагасынын ,тѳрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчѳлѳрүнүн курамында түзүлѳт.
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына тѳмѳндѳгүлѳр киришет:
- Жергиликтүү кеңештин депутаттары
- Муниципалдык кызматчылар:
- Айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын тѳрагасы комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн:
- Соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген деп табылган:
- Соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар:
- Акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган:
- Медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчѳсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жѳнүнѳо чечим кабыл алган күндѳн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле :
- Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчѳсүѳз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндѳ арыз берген учурда:
- Комиссиянын мүчѳсү муниципалдык кызматын токтоткондо:
- Комиссиянын мүчѳсүнѳ карата соттун айыптоочу ѳкүмү күчүнѳ киргенде:
- Күчүнѳ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же ѳлгѳн деп табылганда:
- Медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчѳсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда:
- Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчѳсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда:
- Комиссиянын мүчѳсүѳлгѳндѳ:
- Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо учун чыгып кеткенде:
- Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда:
- Жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтү аяктаганда:
- Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан ѳз ѳкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчѳсү Комиссиянын мурдагы мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндѳн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ѳз укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндѳн кеч эмес түзүлѳт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби.
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жѳнүндѳ иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнѳ карата) ѳткѳрүлѳт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган моонотторун сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн үчтѳн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн жарымынан кѳбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жѳнүндѳ ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкѳндѳн баштап он күндүк мѳѳнѳттѳ, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүүѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ѳз чечимдери менен бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндѳ чыгарат.
23. Комиссия, бузуу жѳнүндѳ ишти карап чыгып:
а) тѳмѳндѳгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жѳнүндѳ:
2)туумду кошуп эсептѳѳ жѳнүндѳ (Кодекстин 29-беренеси) :
3)иш боюнча ѳндүрүштү кыскартуу жѳнүндѳ
б)ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жѳнүндѳ токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзѳгѳ ашырылат
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасы уюштурат.
26. Бузуу жѳнүндѳ иштерди кароодо Комиссиянын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчѳлѳрү:
Тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жѳнүндѳ иштердин материалдары менен таанышууга:
- Бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча иликтѳѳгѳ жана далилдерге баа берүүгѳ катышууга:
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгѳ катышууга:
- Журум-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого:
- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
- Тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу:
- Бузуу жѳнүндѳ иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгѳ:
- Бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер сунуштарды кийирүүгѳ:
- Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын тѳрагасы Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары, 29. тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектѳѳ:
- Комиссиянын отурумдарында тѳрагалык кылуу:
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү:
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү.
- Комиссиянын тѳрагасы, Комиссиянын мүчѳсүнүн укуктарынан сырткары, тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ:
- Ѳз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүүѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгѳ:
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгѳ:
- Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын тѳрагасынын орун басары Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары:
- Бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат:
- Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат:
- Комиссиянын тѳрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат:
- Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- Бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын кароосунда уюштурат:
- Ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат:
- Комиссия тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат:
- Келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды , ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында(анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
- Бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат:
- Комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат:
- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет:
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго)кол коет:
- Аныктамалардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрдүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз кылат:
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат:
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат:
- Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт:
- Отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзѳт:
- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерин аткарат.
- Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
- Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн,коргоочусунун,ѳкүлүнүн,адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн,эксперттин,адистин,котормочунун туугандары болушса:
- Иштин чечилишине тике же кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса, алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү.
1. Иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ѳз убагында жана анын, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
3. Бузуулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүүКомиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
4. Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда,Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын тѳрагасына билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
5. Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт,ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү,атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанциясын)берет.Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн (квитанциясынын)биринчи нускасына кол коет,экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
6. Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- Бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар:
- Отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде жайгаштырылган бардык документтер:
- Белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу:
- Ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,токтомдор.
Баардык документтер кѳктѳмгѳ алардын тексти кѳрүнүп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
7. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды камтыйт.
8. Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жѳнүнѳо каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
9. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдарын келип түшүшүн казначылыктын райондук бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
10. Комиссия тѳмѳнкүдѳй эсеп журналдарын жүргүзѳ алат:
- Бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы:
- Айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы:
- Бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы.
11. Журналдардын барактары номурланган, кѳктѳлгѳн, мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя менен жазылат.
12. Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3 жыл. Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтү 5 жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
13. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга,жеке жарандарга же кызмат адамдарына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын тѳрагасынын уруксатсыз берилбейт
Тиркеме №2
Баетов айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы боюнча маалымат
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Аты, атасынын аты | Иштеген кызматы | Комиссия дагы орду | ИНН | телефону |
1 | Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтү | Капарбек уулу Билимбек | “Тайлак Баатыр” балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, Баетов айылдык Кеңешинин төрагасы | төрага | 21605197700684 | 0702366347 0772366347 |
2 | Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтү | Нураева Гүлзина Байышбековна | Баетов айыл өкмөтү, социалдык коргоо боюнча башкы адис | Комис- сиянын катчысы | 11707196400141 | 0706850385 |
3 |
| Абакиров Курманбек | Ак-Талаа токой чарбасынын бухгалтери, депутат | Комис- Сиянын төрагасынын орун басары | 23010195700296 | 0705734259 |
4 |
| Азимжанови ЧерЛэнС | АРИС эксперт, депутат | мүчө | 20606198200165 | 0703537753 |
5 |
| Жусуев Төрөгелди Карабагышович | Жеке ишкер, депутат | мүчө | 21806197701105 | 0773582203 |
6 |
| Карасартов Бекжан | Рай маданият үйү, депутаты | мүчө | 22403197300350 |
|
7 |
| Саткынов Айдаркул | Баетов айылынын аксакалдар сотунун төрагасы | мүчө | 20103195401226 | 0703944832 |
Жооптуу катчы: | А.Молдалиева |