Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-майы № XXXXVII/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №164 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынаын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде депутаттардын баетов айылдык Кеңешинин XXXXVII/1 кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №164 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында калктын саны 11953 адамды түзгөндүктөн Баетов айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат ордуна 1 штаттык бирдик бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Ак-Талаа башкармалыгынан Баетов айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына эмгек акысына төлөнүучү акча каражаттары суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |