Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-майы № 238
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 834 "Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын рыногун андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 834 "Кыргыз Республикасынын аймагында кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттагы "чендик уютмаларын" деген сөздөр "чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кымбат баалуу металлдардын чендик уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "чендик уютмалар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмалар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Бул Жобо "Кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында баштапкы тооруктарда кымбат баалуу металлдардын чендик уютмаларын (1000 г, 500 г, 250 г, 100 г, 50 г, 10 тол (1 тол = 11,6638 г) жана башка), кымбат баалуу металлдардын стандарттуу уютмаларын (алтын үчүн - салмагы 10886,23 г баштап 13374,51 г чейин, күмүш үчүн - салмагы 23327,63 г баштап 34213,85 г чейин) жана кымбат баалуу металлдардын стандарттуу эмес (стержень, гранула, пластина, зым жана башка формада жана/же массасы стандарттуу жана чендик уютмалардан айырмаланган) уютмаларын сатып алуу-сатуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.";
2-пункттун биринчи абзацында "(ТУ 1753-003-20295606-2000)" деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кымбат баалуу металлдардын уютмалары - бул кыргыз же чет өлкөлүк өндүрүштөгү аффинирленген кымбат баалуу металлдардын стандарттуу, чендик жана стандарттуу эмес уютмалары.";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кымбат баалуу металлдардын стандарттуу жана чендик уютмалары бул формасы, өлчөмү жана сынамыгы боюнча сапаттын эл аралык стандарттарына туура келген, аффинирленген кымбат баалуу металлдардын уютмалары.
Кымбат баалуу металлдардын стандарттуу эмес уютмалары - бул формасы жана өлчөмү боюнча кымбат баалуу металлдардын стандарттуу жана чендик уютмаларынан айырмаланган, ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү (стержень, гранула, пластина, зым жана башка), аффинирленген кымбат баалуу металлдардын уютмалары.";
3 жана 14-пункттардагы "башкармалыгы" деген сөз "департаменти" деген сөз менен алмаштырылсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Чендик, стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларды даярдоонун жана сатуунун процессинде таразага тартуу ченөөлөрдүн белгиленген тактыгын камсыз кылган таразаларда, аналитикалык таразаларды иштетүүнүн талаптарына ылайык жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
Алтындын жана платинанын чендик уютмаларын таразага тартуу 0,001 граммга чейин так жүргүзүлөт.
Чендик уютманын массасынын номиналдуу чоңдугу - бул уютмага берилген жана маркировкалоодо уютманын бетине жазылган массанын чоңдугу.
Чендик уютманын массасынын номиналдуу чоңдуктан четтеши - уютманын иш жүзүндөгү массасы менен Лондон чендик уютмалар рыногунун ассоциациясы кабыл алган жана төмөнкүдөй болгон массанын номиналдуу чоңдугунун ортосундагы айырма катары аныкталган чоңдук:
┌───────────┬────────────┬──────────────────────────┬─────────────────┐
│ Чендик │ Алтындын │ Уютмадагы таза алтындын │ЛБМАнын талаптары│
│уютмалардын│ массалык │ өлчөмү │ боюнча чендик │
│номиналдуу │ үлүшү, % ├────────────┬─────────────┤ уютмалардын иш │
│ салмагы │ менен │труа унциясы│ грамм менен │ жүзүндөгү │
│ │ │ │ │ минималдуу │
│ │ │ │ │ массасы, грамм │
│ │ │ │ │ менен │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│1000 г │ 99,99 │ 32,148 │ 999,915 │ 1000,015 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│1000 г │ 99,90 │ 32,119 │ 999,013 │ 1000,013 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│1000 г │ 99,50 │ 31,990 │ 995,001 │ 1000,001 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│100 г │ 99,99 │ 3,215 │ 99,998 │ 100,008 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│100 г │ 99,90 │ 3,212 │ 99,904 │ 100,004 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│100 г │ 99,50 │ 3,199 │ 99,500 │ 100,000 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│10 тол │ 99,99 │ 3,75 │ 116,638 │ 116,650 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│10 тол │ 99,90 │ 3,746 │ 116,514 │ 116,630 │
├───────────┼────────────┼────────────┼─────────────┼─────────────────┤
│10 тол │ 99,50 │ 3,731 │ 116,047 │ 116,630 │
└───────────┴────────────┴────────────┴─────────────┴─────────────────┘
Күмүштүн стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын таразага тартуу 1,0 граммга чейин так жүргүзүлөт, мында граммдын ондук үлүшү бүтүн санга тегеректелет. 0,5 грамм же андан төмөн көрсөткүчтөр эсепке алынбайт, ал эми 0,5 граммдан жогорку көрсөткүчтөр жогорку бүтүн санга тегеректелет. Алтындын жана платинанын стандарттуу жана стандарттуу эмес уютмаларын таразага тартуу 0,1 граммга чейин так жүргүзүлөт, мында граммдын жүздүк үлүшү сандын ондук үлүшүнө чейин тегеректелет. 0,05 грамм же андан төмөн көрсөткүчтөр эсепке алынбайт, ал эми 0,05 граммдан жогорку көрсөткүчтөр сандын жогорку ондук үлүшүнө чейин тегеректелет.
Эсептөөдө 1 труа унциясынын салмагы 31,1035 грамм деп алынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|