Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2019-жылдын 26-марты № XIV/3
Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Ак-Чий айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жонундо кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын окмотунун 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз Республикасынын Жоруктар жонундо кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча кодексин, “Пробация жонундо”, “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жонундо” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жонундо жобонун 6-пунктунун “б”пунктчасына ылайык,типтуу Жобону бекитуу жагын карап жана талкуулап Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жонундо кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын окмотунун 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген ,Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз Республикасынын Жоруктар жонундо кодексинин,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин,Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча кодексин, “Пробация жонундо”, “Мунапыс беруу негиздери жана аны колдонуу тартиби жонундо” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жонундо жобонун 6-пунктунун “б”пунктчасына ылайык, Жобо бекитилсин.
3. Бузуулар боюнча түзүлгөн Ак-Чий айыл өкмөтүнүн комиссия түүзүү жөнүндө буйругу бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагын Ак-Чий айыл аймагынын жооптуу катчы Б.Балтабаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагын озумо калтырамын
Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Жунусов |
Ак-Чий айылдык кеңешинин 26-март 2019-жылдагы
кезектеги сессиясынын ХIV/3 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы Жоболор
1. Ушул Типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары-Кодекс)каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес откон календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык –техникалык жактан камсыздоо жергигиликтүү бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан,комиссиянын төрагасынын ,төрагасынын орун басарынын,катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамы төмөндөгүлөр киришет
-Жергиликтүү кеңештин депутаттары
-муниципалдык кызматчылар;
-айыл аймактын чегинде жашаган жарандын коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)
-Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон ,атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн ;
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар ;
-Акталбаган негиздер боюнча соттуу куугунтуктоосу (Жазык иши ) токтотулган мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-Медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт;
13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган көндөн тартып башталат жана комтиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан баштап токтотулат.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле :
-Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда ;
-комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтокондо;
-комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
-Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчө болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген ,дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда ;
-медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсүнүн ден-соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын Жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Жергиликтүү кеңештин депутаттары катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
15. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
17. Комиссиянын жаңы курамы комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган
19. Комиссия Бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт,комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата өткөрүлөт).Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн 3 төн 2 си катышса комиссиянын отуруму укуктуу болот.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алында деп эсептейт.
21. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөткө ,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23. Комиссия чечимди аныктам же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия,бузуу жөнүндө ишти карап чыгат.
а)төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат;
1)жаза чарасын колдонуу жөнүндө:
2)Тутумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3)Иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
б)Ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссиянын мүчөлөрү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
-Бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-Жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу
-Бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттүү;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу,уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү,Комиссиянын төрагасы,комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары ,төмөндөгүдөй укуктарга ээ;
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-Ушул жобого жана кодекске ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Келип түшкөн материалдарды,билдирүүлөрдү жана арыздарды,ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн,массалык маалымат каражаттарына (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-Бузуулар жөнүндө протоколдорду,Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчөлөрүн,бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат,аларды Комиссиянын кароосунда киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт,аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга жана токтомдогро кол коет;
-Аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөргө тааныштырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга даттанууларды кабыл алат,аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт,Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укутук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулуктужа астатистикалык отчеттуулукту жүршгүзөт;
-Кодексте жана ушул Жобогоылайык башка милдеттерди аткарат.
32. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын ,жабырлануучунун ,анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ,коргоочусунун ,өкүлүнүн ,адвокадынын,ошондой эле күбөсүнүн ,эксперттин,адистин,котормочунун туугандары болушса;
-Иштин чечилишине тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар болушса ,алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагазын жүргүзүү
33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат,ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат
34. Эсеп журналдардын сакталышы аларга маалыматтардын өз убагында жана анык так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
35. бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына баардык зарыл документтерди жөнөнтүү комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар иштин кароо датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме) жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда,комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого,бул тууралуу комиссиянын төрагасына,анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламалардын айырма бөлүгү ишке тигилет.
37. бузуу жасалган жерде айып пул өндүрүлгөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт ,ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо ,комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү ,атайын финансылыктын отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана 2 нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн берет .Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн биринчи нускасына кол коет,экинчи нускасы жаза чарасы колдонуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы Бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү,аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт.
-Бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-Отурумдун процесинде ишке кошулган ,келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-Белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-Ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,токтомдор.баардык документтер көктөмөгө аларга тексти көрүнүп тургандай болуп көкөтөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алынууга жатат.Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшү казыначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерилип турат.
42. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат;
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-Бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№ 4 тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган,көктөлгөн,мөөр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы баардык жазуулар окуй алгыдай даана,көк же сыя көк түстөгү сыя менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөнтү 3 жыл.Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтүү 5 жыл.Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга,жеке жарандарга же кызмат адамдарына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурлардан сырткары,комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.