Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 7-чакырылышынын 1-чи кезектүү сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 1
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы түзүлсүн.(Эсептөө комиссиясынын протоколу тиркелет)
2. Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоодо эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүк добушун алган депутат Айыпов Бейшенбек Жумабекович 4 жылдык мөөнөткө Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кещешинин төрагасы болуп дайындалсын.
Төрагалык кылуучу: | Токушева Фарида |
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоого карата түзүлгөн эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын төрагасын шайлоого карата 10 депутат добуш берүүгө катышты;
Токушева Фарида
Ыймаков Жолдошбек
Илиязов Бакытбек
Шакиров Бакыт
Турсун уулу Сүйүндүк
Кермакунова Гүлзаада
Айыпов Бейшенбек
Алтыбаев Касымбек
Токтобекова Күмүш
Абдалиева Айчүрөк
Төраганы шайлоодо 12 бюллетень даярдалды
Жыйынтыгында;
Айыпов Бейшенбек Жумабековичке
Макул 7 депутат
Токушева Фарида Курбангалиевнага
Макул 3 депутат
Каршы жок
Калыс жок
Жараксыз 2 бюллетень
Жыйынтыгында депутаттардын 7 (жети) көпчүлүк добушун алган Айыпов Бейшенбек Жумабекович төрагалыкка дайындалды.
Эсептөө комиссиясы: Турсун уулу Сүйүндүк
Кермакунова Гүлзаада
Токтобекова Күмүш