Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 7
«2021-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору жөнүндө»
2021-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 23 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылга карата шаардык Кенештин иш планынын долбоору тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2021-жылга карата шаардык Кенештин иш планыны бекитилсин.
/иш план тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |
“Бекитилди”
Таш-Көмүр шаардык депутаттарКеңешинин
XXIX чакырылышынын 24.12.2020-жылдагы
кезектеги XXIII сессиясынын №7 токтому
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 2021-жылга иш планы.
I. Шаардык Кенештин сессияларында каралуучу маселелер:
I-к в а р т а л
1. 2020-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардык мэриянын аткарган иштери боюнча шаардын мэринин отчету.
2. 2020-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
3. Муниципалдык Менчик Департаментинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу Муниципалдык Менчик Департаментинин отчету.
4. Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгынын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана насостук станциялардын абалы тууралуу маалыматы.
5. Шаардын аймагында коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаалда шаардык мэриянын бул багытта аткарган иштери тууралуу шаардык мэриянын вице-мэри А.М. Темирбаеванын маалыматы.
II-к в а р т а л
1. 2022-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө.
2. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме-ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө.
3. Шаардын аймагындагы мектептерде 2020-2021-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө.
4. Шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету.
5. Шаардык Кенештин алдындагы «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету.
III-к в а р т а л
1. Шаардын социалдык экономикалык онугуу планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету.
2. 2021-жылдын 1-жарым жылынын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын аткарылышы тууралуу салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
3. Шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету.
4. Шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай» боюнча туруктуу комиссиясынын отчету.
IV-к в а р т а л
1. 2022-жылга шаардын бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө.
2. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө.
3. 2022-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө.
4. 2022-жылга карата шаардык Кенештин иш планын бекитүү жөнүндө.
5. Шаардык Кенештин алдындагы «Мандат жана этика» боюнча туруктуу комиссиянын отчету.
II..Шаардык Кенештин аппаратынын Кенешмесинде каралуучу маселелер
1. Шаардык Кенеште кабыл алынган токтом, буйруктардын жана шаардын тургундарынан түшкөн арыз, каттардын аткарылышы.
аткарылышы: ар дайым.
2. Кенештин алдындагы туруктуу комиссиялардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын аткарган иштерине анализ беруу.
аткарылышы: квартал сайын.
3. Даталуу күндөргө даярдыктарды көрүү.
аткарылышы: даталуу күндөрү.
III.Шаардык Кенештин уюштуруу массалык иштери.
1. Шаардык депутаттардын (депутаттык фракциялардын) шайлоочуулар менен отчеттук чогулуштарын уюштуруу.
аткарылышы: жылына бир жолу
2. Шаардык Кенештин депутаттарынын окуусун уюштуруу.
аткарылышы: жылына бир жолу.
3. Туруктуу комиссияларлардын иш арекетерин күчөтүү максатында семинардык окууларды өткөрүү.
аткарылышы: жылына бир жолу
4. Даталуу күндөрдү белгилөө жана өткөрүү.
аткарылышы: ар дайым
Эскертүү: Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин иш планынан тышкары, Кеңештин кароосуна документтердин (материал) долбоорун киргизүүнүн, кароонун тартиби Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентине ылайык жүргүзүлөт.