Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-июлу № 1
Арал айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын түзүү жөнүндө
Коомчулактагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси М.Ажыматованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Арал айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Арал айылдык кеңешинин ХХI- чакырылышынын V- сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн
2. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестирине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акматовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Акматалиевага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Т. Оморов |