Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 4
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун жергиликтүү тургундардан башка жарандарга берүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жайыт жерлери тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515-токтомунун 2-пунктуна ылайык, Өрүктү айыл аймагынын жайыт жерлеринен, жайыт, жана башка максатта пайдаланууга Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынан башка жарандарга берүүгө убактылуу чектөө киргизүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айыл аймагынын жайыт жерлерин Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынан башка жарандарга жайыт жана башка максаттарда пайдаланууга берүүгө убактылуу чектөө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу айыл аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Н. Арзыматовго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрайымы | К.С. Усенбаева |