Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 25-январы № 6
Жай-Терек айылындагы көчөлөргө ат кою жөнүндө
Арстанбап айыл аймагына караштуу Жай-Терек айылынын жашоочуларынын 08.01.2019 өткөргөн чогулушунун жыйынтыгын негизинде елден келип түшкөн арызды угуп жана талкуулап, Жай-Терек айылында жашаган Арстанбап айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондунун каттоого даярдык көөрүү жөнүндөү 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомунун аткаруу максатында Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Арстанбап айыл аймагына караштуу Жай-Терек айылынын көчөлөргө эл ичинде кадыр баркка ээ болгон, балдарына татыктуу тарбия берген жана ошондой элэ Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болгон төмөндөгү атуулдардын ысымдары Арстанбап айылынын көчөлөрүнө ыйгарылсын.
1. Жай-Терек айылындагы Аликулов Гайраттын үйүнөн №29 А.Мөнөкбаев атындагы мектепке чейинки аралыктагы көчөгө Халматов Батыркандын ысымы ыйгарылсын.
2. Маткадыров Арстандын үйүнөн Арзыкулов Шарабиддиндин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Арзыкулов Сатардын ысымы ыйгарылсын.
3. М.Тилегеновтун үйүнөн Аликулов Азимдин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Эргашев Токтосундун ысымы ыйгарылсын.
4. Кенетаев Сайитмаматтын үйүнөн Маткадыров Бараталынын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Маткалыков Жоронун ысымы ыйгарылсын.
5. Маткалыков Каримдин үйүнөн Т.Капаровтун үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Жунусов Капардын ысымы ыйгарылсын.
6. Базарбаев Шерикбайдын үйүнөн Капаров Шариптин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Капаров Абдурашиттин ысымы ыйгарылсын.
7. Муктаров Эмилдин үйүнөн Муктаров Куранбайдын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Жолдошбаев Муктардын ысымы ыйгарылсын.
8. Толонбаев Сүйүндүн үйүнөн Муктаров Кмалидиндин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Кудайберди уулу Замирдин ысымы ыйгарылсын.
9. Култаев Жаныштын үйүнөн Калботоев Ороздун үйүнө чейинки көчөгө Култаев Осордун ысымы ыйгарылсын.
10. Айдаров Эрполоттун үйүнөн Курбаналиев Русландын үйүнө чейинки көчөгө Кыпчаков Ырысмаматтын ысымы ыйгарылсын.
11. Акышов Акылбектин үйүнөн Кулматов Камалидиндин үйүнө чейинки көчөгө Мырзашев Жакыптын ысымы ыйгарылсын.
12. Пазилов Хабибилланын үйүнөн Мергентаев Сактандын үйүнө чейинки аралыктагы көчө мурдагы аталышы Жоон мааласы боюнча калсын.
13. Халматов Сапарбайдын үйүнөн Жолдошов Эркиндин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алыкулов Дармандын ысымы ыйгарылсын.
14. Курбаналиев Омурбектин үйүнөн Сапарбаев Расулдун үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Халматов Тырмаштын ысымы ыйгарылсын.
15. Халматов Максаттын үйүнөн Хожиахмедов Рустамдын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Осман ажы ысымы ыйгарылсын.
16. Атакулов Равшандын үйүнөн Акишов Мамажандын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Халматов Арзыкулдун ысымы ыйгарылсын.
17. Раимжанов Икрамдын үйүнөн Сайитов Махмуттун үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Саитов Раимжандын ысымы ыйгарылсын.
18. Жолдошев Кочкондун үйүнөн Жээнказынын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Каратаев Акыштын ысымы ыйгарылсын.
19. Дийканов Жолборстун үйүнөн Такабаев Шерзаттын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Хамраев Тагайдын ысымы ыйгарылсын.
20. Жакыпов Адылдын үйүнөн Карабаев Токтордун үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Жакыпов Пазилдын ысымы ыйгарылсын.
21. Жакыпов Тойчунун үйүнөн Бакашев Рустамдын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Тажибаев Халмирзанын ысымы ыйгарылсын.
22. Курук Шарап мааласына элдин талабы боюнча Курук Шарап ысымы берилсин.
23. Исаев Алтындын үйүнөн Алыкулов Набинин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Омаров Курбаналинин ысымы ыйгарылсын.
24. Ажибаев Ниязалинин үйүнөн Жакыпов Усанбайдын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Жуматаев Колдоштун ысымы ыйгарылсын.
Жогорудагы чекаралары белгиленип, ысымдары ыйгарылган аралыктагы көчөдөгү үйлөр номеризацияланып, ысымы берилген кишинин атын жаздырып ар бир көчөнү ирети менен номеризациялоо Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибинин сактоо, жарандары укугун жана кызыкчылыгын корго боюнча комиссиянын төрагасы Д.Арзыкуловко Жүкөлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |