Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 21-январы № 1
Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2021-2022-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Арстанбап айыл аймагынын социалдык-эканомикалык өнүктүрүү программасын аткаруу максатында, айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.Тиркашевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 16957,0 миң сом, анын ичинде 349,0 миң сому атайын каражаттан 1-2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Айыл Өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2021-жылга 10259,6 миң сом 2022-жылга 10681,6 миң сом суммасында 3-4-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. 2020-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмү чыгашалар 7873,4 миң сом жалпы суммасында 5-теркемеге ылайык бекитилип, биринчи кезектеги тартипке корголгон беренелер-эмгек акысы, тамак-аш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жумшалсын.
4. Жарандык коргоону комиссиясы чечими менен сапталуучу, табигий кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында 300,0 миң сом акча каражаты каралсын.
5. Айыл Өкмөтүнүн 2020-жылджагы бюджетинин 1пайызы өлчөмүндө 166,0 миң сом резевдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарыпталышы белгиленсин.
6. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жыл бюджетинде каралсын.
7. 2020-жылда аппарат кызматкерлеринин бирдик саны 18-киши менен бекитилсин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы 403-сандуу Токтомуна ылайык).
8. Айыл аймагындагы айылдырга 5-айыл башчы оруну жана аскерге милдетүүлөрдүн саны 4 миңден ашык болгондугуна байланыштуу 5 аскердик каттоо столу инспектору бекитилсин.
9. 2020-жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар тиркемесинин чегинде өзгөртүүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы айыл Өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Тиркашевке жүктөлсүн.
10. 2020-жыл 1-январга жүгүртүүлүдөгү нак талай акча калдыгы 30 миң сомдон кем эмес өлчөмүндө бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 8-Бөлүмүнө ылайык, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган кирешелер жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылуусу каралсын.
12. Ушул токтом мененбекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү оңдолорду киргизүү кабыл алынгыча айыл Өкмөтү айылдык кеңештин бюджет жана финасы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.
13. Токтомдун аткарылышы Арстанбап айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Таштанбековко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Тиркешевке милдеттендирилсин
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
15. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |