КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 25-апрели № 245
Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө Салуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө
Баштапкы кесиптик билим берүү системасынын мекемелеринин жана уюмдарынын иштерин өркүндөтүү жана системалаштыруу максатында, ошондой эле "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелер жөнүндө типтүү жобо;
- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жобо;
- Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерин атгестациялоо жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. "Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүү иштерин жөнгө салуучу нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Н.Танаев |