Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 5-июну № 328
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашоочу жана иштөөчү адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Нарын облусунун Кочкор районундагы "Туз" калктуу конушунун бийиктигин тактоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашоочу жана иштөөчү адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна №1 тиркеменин "Кочкор району" бөлүмүнүн 31-пунктундагы "Райондук коэффициент" графасында "1,20" саны "1,50" саны менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кошумча төлөөлөрдүн коэффициентин төлөө 2003-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
|