Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 5-июну № 328

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында

жашоочу жана иштөөчү адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Нарын облусунун Кочкор районундагы "Туз" калктуу конушунун бийиктигин тактоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашоочу жана иштөөчү адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна №1 тиркеменин "Кочкор району" бөлүмүнүн 31-пунктундагы "Райондук коэффициент" графасында "1,20" саны "1,50" саны менен алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кошумча төлөөлөрдүн коэффициентин төлөө 2003-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлөөрү белгиленсин.

 

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

Н.Танаев