Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2003-жылдын 9-июну № 339 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516,2011-жылдын 15-июнундагы № 318
токтомунун редакциясына ылайык) Республиканын билим берүү системасынын ишинин натыйжалуулугун жо-горулатуу жана анын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулушу багытын-дагы координациялоочу ролду күчөтүү, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынБилим жана илим министрлигинин илимий жана педагогикалык мекемеле-ринин билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүүнүн илимий-теориялык багыттарыништеп чыгуу боюнча ишкердигин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1 . Кыргыз билим берүү институтунун, Кыргызстандын жогорку мектеп-тин проблемаларын илимий-изилдөө институтунун жана Информатика жана ин-формациялык технологиялар институтунун базасында Кыргыз РеспубликасынынБилим жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академия-сы (мындан ары - Кыргыз билим берүү академиясы) түзүлсүн. 2. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516 токтомунаылайык күчүн жоготту) 3. Кыргыз билим берүү академиясынын президентине Кыргыз билимберүү академиясынын сметасында каралган эмгек акы төлөө фондунун чегин-де:- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- төрт айлык эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каражатты жумшооменен кызматкерлерди сыйлоого; - эки айлык эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каражатты жумшооменен кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүүгө укук берилсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 6-январындагы № 5"Кыргыз билим берүү институтун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту депэсептелсин. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 339 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары -----------------------------------------------------------------------| Кызмат орундардын аталышы | Кызматтык маяна || | (сом менен) ||----------------------------------------------|----------------------||Президент | 3500 ||----------------------------------------------|----------------------||Вице-президент | 3000 ||----------------------------------------------|----------------------||Окумуштуу-катчы | 1890 ||----------------------------------------------|----------------------||Президенттин финансылык-чарбалык иштер | 2800 ||боюнча орун басары | ||----------------------------------------------|----------------------||Жетектөөчү адис | 1335 |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр Б.Талгарбеков