Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-июну № 318
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201, 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине саат боюнча акы төлөөнүн жаңы системасына өтүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 29-февралындагы № 86 "Мамлекеттик сүрөт колледжин Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясына кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 8-ноябрындагы Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттагы "1,8 коэффициентин колдонуу менен Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн деңгээлинде дифференцациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-майындагы № 225 токтому менен белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-майындагы № 309 "Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжин Кыргыз-өзбек университетине кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 31-мартындагы Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-өзбек университетинин Уставында:
- 8.4.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8.4.1. Университеттин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-майындагы № 285 "Кыргыз архитектура-курулуш институтун Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) кайра түзүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТАУ) жөнүндө жободо:
40-пунктунун төртүнчү абзацындагы "бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде колдонулуудагы схемага ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышында жана бүткүл тексти боюнча "маданият" деген сөз "илим" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдөрдө белгиленсин.".
10. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-мартындагы № 118 "Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясын түзүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 642 "Б.Кыдыкееиа атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрөрмандар театрынын жана М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын жогорулатуу жөнүндө " токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 749 "Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жумушчу убактысынын узактыгы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 208 "Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 275 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын пилоттук долбоор катары киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 195-б буйругу.
12. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
13. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |