Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 токтому менен бекитилген |
Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 510, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 786 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Тартип "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Бул тартип дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн (мындан ары - машыктыруучу-окутуучу) адамдарды эсепке алып каттоонун жол-жобосун аныктайт.
3. Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзүүнү каалаган адам төмөнкү документтерди берүү менен дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органына арыз берет:
- паспорттун көчүрмөсү же анын "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аналогу;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билимин ырастаган дипломдун же башка документтин көчүрмөсү;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн спорттук наамы же спорттук разряды жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- соттуулугу жоктугу тууралуу маалымат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 510 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органы ушул Тартиптин 3-пунктунда каралган документтердин бар-жогун текшерет жана дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алып каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктү берүү (мындан ары - Күбөлүк) менен эсепке алып каттоо жөнүндө же эсепке алып каттоодон баш тартуу чечимин, арыз түшкөн күндөн баштап 15 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тартиптин 3-пунктундагы документтерди толук эмес берүү эсепке алып каттоодон баш тартуунун негизи болуп эсептелет.
6. Дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органы кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсин чечим кабыл алынгандан кийин 7 жумушчу күндүн ичинде кабардар кылууга милдеттүү.
7. Дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органы эсепке алып каттоодон өткөн машыктыруучу-окутуучулардын маалымат базасын жүргүзөт.
8. Дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органы эсепке алып каттоону төмөнкү учурларда жокко чыгарууга укуктуу:
- эсепке алып каттоо үчүн берилген документтерден туура эмес же бурмаланган маалымат табылганда;
- окутуу жана машыктыруу процессинде окуучулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна машыктыруучу-окутуучунун күнөөсү боюнча зыян келтирилсе;
- машыктыруучу-окутуучу административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылса;
- сот тарабынан машыктыруучу-окутуучу кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишмердүүлүгү менен дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында иш жүргүзүүсүнө тыюу салынса.
9. Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон же бузулган учурларда машыктыруучу-окутуучу дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органына күбөлүктүн түп нускасы жоголгон же бузулган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн ичинде дубликат берүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоготулган же бузулган күбөлүктүн бардык реквизиттери көрсөтүлүшү керек.
10. Тиешелүү арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органынын базадагы жазуулардын негизинде дубликат берилет.
Дубликатты берүүдө күбөлүктүн маалымат базасы боюнча каттоо номери өзгөртүүсүз калат. Берилген күбөлүктө "Дубликат" деген белги болушу керек.
11. Машыктыруучу-окутуучу жоготкон түп нускадагы күбөлүк табылган учурда ал түп нусканы (же дубликатты) дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органына жокко чыгаруу үчүн тапшырууга милдеттүү.
12. Машыктыруучу-окутуучу күбөлүктүн дубликатын алганга чейин, мурда берилген күбөлүктүн көчүрмөсүнүн негизинде иш жүргүзөт.