Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 596
Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу
Дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү максатында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартиби;
- дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү бөлүгүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 токтому менен бекитилген |
Форма
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү
_____________________________ дене тарбия (аты-жөнү) жана спорттун ыйгарым укуктуу органында катталгандыгын күбөлөндүрөт.
Каттоо № ____________________ 20__-жылдын "__" ___________________
__________________________________________________________________ (күбөлүк берилген жери жана күнү)
Негизи:
Жетекчи __________________________________________________________
М.О.
|
|