Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2003-жылдын 26-сентябры № 606
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаштар үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө"
2000-жылдын 23-августунда кабыл алынган № 514 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" 2000-жылдын 23-августунда № 514 токтомуна төмөнкүдөй
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгырмаларды, иштерди жана материалды көрсө-
түүнүн, кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнүндө Жободо:
- 2-пункттун биринчи абзацында "10" деген сан "11" деген санга алмаштырыл-
сын;
- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
"Комиссиянын акыркы чечими жана протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтому менен бекитилет".
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандан кийин сый-
лыктарды ыйгаруу жөнүндө комиссиянын ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо кара-
жаттарында расмий жарыяланууга тийиш";
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токто-
мунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр Н.Танаев