Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 23-августу № 514
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177, 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 26 сентября 2003 года № 606, 2005-жылдын 24-октябрындагы № 499, 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476, 2009-жылдын 6-июлундагы № 433, 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622 2014-жылдын 3-февралындагы № 64, 2014-жылдын 26-июнундагы № 353 2015-жылдын 29-июлу № 540,2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 697 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"2000-жылды - Жаштар жана билим берүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдыи 19-январындагы Указын аткаруу максатын аткаруу жана республиканын алдыңкы чыгармачыл күчтөрүн жаштарды патриотизм духунда тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө тартуу, демократиялык кайра түзүүлөр үчүн чыгармаларды жаратуу, салт болуп калган, нравалык, маданий көөнөрбөгөн баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, жаш муундарды гуманизм жана руханий жактан тарбиялоо принцибин бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы уюштурулсун.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 697 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-июлу № 540 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгарууга байланыштуу чыгымдарды жыйынды сметалык эсептин долбоорунда караштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 2009-жылдын 6-июлундагы № 433, 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622, 2015-жылдын 29-июлу № 540, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622, 2015-жылдын 29-июлу № 540, 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 632токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Токтом массалык-маалымат каражаттарында жарыялансын
Премьер-министр | А.Муралиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 64, 2014-жылдын 26-июнундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, комиссиянын мүчөсү |
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Садыков Канат Жалилович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; (макулдашуу боюнча); |
Алышпаев Марат Үсөнович | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору (макулдашуу боюнча); |
Актан Арым Кубат | - | кинорежиссёр (макулдашуу боюнча); |
Абыкеев Чолпонбек Абыкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич | - | Республикалык оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин директору (макулдашуу боюнча); |
Бегалиев Мурат Акимович | - | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Садыков Тургунбай Садыкович | - | Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Сариева Эльвира Кубанычбековна |
| Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү; |
Суеркулов Замир Казакбаевич |
| Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын мүчөсү; |
Муратова Айжан Раушанбековна |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жаштар уюмдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын жооптуу катчысы; |