Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2003-жылдын 17-октябры № 654 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын республикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар борборуна өткөрүп берүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 527
токтомунун редакциясына ылайык) Республиканын тамеки чарбасынын ишин координациялоо, илимий-инно-вациялык жана консультациялык камсыздоо, бул тармактагы илимийизилдөөлөрдү кењейтүү жана терењдетүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын рес-публикалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүкстанциясы "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын ку-рамынан чыгарылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана кон-сультациялык кызматтар борборунун карамагына өткөрүп берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтарборбору: - "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын аныкталган тартипте кара-магына алсын; - эки айдын ичинде Тамеки чарбасы тармагындагы илимийизилдөөлөрдүн программасын иштеп чыксын жана Кыргыз РеспубликасынынАйыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин бекитүүсүнөберсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станциясын учурдагы финансы-лык жылга бекитилген каражаттардын чегинде кармоо маселесин чечсин. 4. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 527
токтомунаылайык күчүн жоготту) 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк чарбасынстабилдештирүү жана жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун10-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев