Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-сентябры № 527 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгында илимий жактан камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердикти жакшыртуу жөнүндө
Мал чарбачылыгын жана жайыт чарбасын илимий жактан камсыздоо, ве-теринардык медицина жагындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жо-горулатуу жана мал чарбачылыгындагы инновациялык ишмердикти күчөтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветери-нария жана жайыттар илимий-изилдөө институту бөлүү аркылуу өзгөртүпкайра түзүлсүн жана анын базасында төмөнкүлөр уюштурулсун: - мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий комплексти, мамле-кеттик асыл тукум заводдорун жана үрөнчүлүк чарбаларын өткөрүп берүүменен Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту; - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Озерное айылында жайгашкан экс-перименталдык базаны өткөрүп берүү менен Арстанбек Дүйшеев атындагыКыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун не-гизги персоналынын кызматкерлеринин жогорку саны 95 бирдик санында, не-гизги жана көмөкчү персоналды күтүүгө чыгымдар жылына 4096,9 мињ сомсуммасында; - Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөөинститутунун негизги персоналынын кызматкерлеринин жогорку саны 91 бир-дик санында, негизги жана көмөкчү персоналды күтүүгө чыгымдар жылына3796,3 мињ сом суммасында. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги эки айлык мөөнөттө: - Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жанажайыттар илимий-изилдөө институтун өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорунбелгиленген тартипте ишке ашырсын; - Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту жөнүндөжана Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө инс-титуту жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин; - жайгашуу орду болуп төмөнкүлөр аныкталсын: Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту башкы иш-канасы жана жайыттар сектору - Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзеатындагы поселок, Институт көчөсү 1, мал чарба сектору - Комсомол айы-лы, Дорожная көчөсү, 3; Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө инс-титуту - Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 60; - жогоруда көрсөтүлгөн институттардын бөлүштүрүү балансын белги-ленген тартипте бекитсин. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн имараттарды жана комп-лекстерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынанадминистрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо
реестргеөзгөртүү киргизсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчү-лүк иштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7
токтому; - "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчүиштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-сентябрындагы № 657
токтому; - "Кыргыз Республикасынын агрардык секторундагы илимий-изилдөөчүиштерди жана консультациялык кызматтарды өркүндөтүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 7 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-ноябрындагы № 735
токтому; - "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын респуб-ликалык илимий-өндүрүштүк борборунун "Тамеки" илимий-өндүрүштүк станци-ясын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтарборборуна өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2003-жылдын 17-октябрындагы № 654
токтомунун 4-пункту. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-нуу бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов