Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы №2/3
Кара - Суу шаарынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара - Суу шаарынын 2022-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 77436,1 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 8100,0 миң сом – атайын каражат.
2. Кара-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын калдыгы 9874,4 миң сом, калдык акча каражаты шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин (311) финансылык эмес активдер беренесине кошумча каржыланат.
3. Кара - Суу шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. 2022-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
5.2021-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2022-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
6. Кара - Суу шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2022-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
7. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
7. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 11225,3 миң сом, анын ичинен:
2) шаардык кенешинин айлык акы 927,4 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 142,2 миң сом.
3) шаар мэриясынын айлык акы 5124,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 765,0 миң сом, резерв фонду 693,3 миң сом.
4) Шаардык кеңештин, шаар мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде бекитилсин;
5) Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин типтүү түзүмү жана штаттык саны 1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
6) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 28273,9 миң сом, анын ичинен 9874,4 миң сом 2021-жылдын калдыгы, айлык акы 3761,4 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 557,2 миң сом, департаменттин финансылык эмес активдер беренесине (311) 20095,5 миң сом.
Финансылык эмес активдер беренесине 20095,5 миң сом төмөндөгү иштерге каржылансын:
Кара-Суу шаарындагы айлампа көчөсүнүн айрым бөлүктөрүнө Нурахунов көчөсүнүн темир жол вокзалынан тартып Линейный көчөсүнө чейинки аралыкка жана Б. Сыдыков көчөсүнүн темир жолдон тартып Токтогул көчөсүнө чейинки аралыка жалпы асфальт басууга - 3 000 000
Ж. Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын көрктөндүрүү фонтандын трубаларын алмаштыруу, тротуарларга брусчатка басуу - 825 500
Шаар ичиндеги бак дарактардын ордуна жаны заманбап көчөттөрдү сатып алып олтургузуу 100 000
Шаардагы мыйзамсыз курулуштар жана Юбилейный кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн арасына курулган мыйзамсыз курулуштарды алып таштоого даярдоо 1 000 000
Юбилейный кичи шарчасына көп кабаттуу үйлөргө ажаткана куруу - 2000000
Көп кабаттуу турак үйлөрдүн ортосуна балдар ойноочу аянтча куруу (Ж.Аматов, Арашан, Юбилейный жалып 3 жерге) - 2 400 000
Айлампа жолдун жыртыктарын жамоого - 1 000 000
Гүлбакчадагы суу түтүктөрүн алмаштыруу жана оңдоп түзөө - 40 000
Ленин көчөсүндөгү бетондон курулган тосмолорду актап сырдоо, оңдоп түзөө иштери - 100 000
Шопоков көчөсүнө жалпы асфальт төшөө - 1 000 000
Манас стадионунун айланпа жолуна жалпы асфальт төшөө - 2 000 000
Кара-Суу шаар мэриясына ажаткана куруу - 1 800 000
Ош көчөсүнөгү 10 даана жыгач столбаларды темир бетон столбаларга алмаштыруу 130 000
Нурахунов көчөсүнө суу өтүүчү 500дүк 2 даана труба коюу 50 000
МЭЗ кочөсүнө латок орнотууга 295 000
Ленин көчөсүнөн райондук балдар ооруканасына бурулуш көчөгө жалпы асфальт төшөөгө - 855 000
Атайын техника сатып алууга 2 800 000
Көрктөндүрүүгө 700 000
Шаарда 2022-жылы жүргүзүлө турган курулуш, оңдоо иштеринин долбоордук сметалык документтери Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде даярдалсын.
7) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 19603,6 миң сом, анын ичинен 16 кварталдык комитеттердин төрагаларынын, аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларынын айлык акы 1128,9 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 194,7 миң сом, субцидиялар 15280,0 миң сом, мындан таштандыларды чыгарууга -9100,0 миң сом, кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 5760,0 миң сом, Кара-Суу Таза-Суу ижара акы – 210,0 миң сом, таштанды төгүүчү жайга ижара акы – 210,0 миң сом.
8) Спорт жана маданият тармагы 1750,0 миң сом.
9) Манас стадионунун чыгымдары 615,6 миң сом, анын ичинен айлык акы 354,5 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 61,1 миң сом;
10) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 7152,8 миң сом, анын ичинен тамак-аш сатып алууга 3196,8 миң сом;
11) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 7737,3 миң сом;
12) 2852,0 миң сом Кара-Суу Таза-Суу мунуципалдык ишканасына-сууга материалдык жардам 600,0 миң сом, мэрия, кеңеш, департамент кызматкерлерине материалдык жардам – 796,5 миң сом.
8. Кара - Суу шаар мэриясы 2022–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
- бекитилген планга тактоонун негизинде өзгөртүү киргизүүгө.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011–жылдын 30– декабрындагы №767 жана 2006–жылдын 18-сентябрындагы №672 токтомдоруна ылайык менчик жеңил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардын вице - мэрине сметада каралган күйүүчү майына каражат бөлүп берилсин.
10. Ушул токтом 2022-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 24-январындагы II сессиясынын №2/3 токтомуна 1 тиркеме
|
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 10815,0 |
2 | Башкы адис | 1 | 13860,0 |
3 | Жетектөөчү адис | 4 | 8977,5 |
4 | Адис | 2 | 8137,5 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 5000 |
6 | Электрик | 2 | 6000 |
7 | Айдоочу | 1 | 7641 |
8 | Күзөтчү | 1 | 5000 |
9 | Тазалоочу | 1 | 5000 |
10 | Техникалык тейлөөчү персоналдар | 12 | 5000 |
| Баардыгы | 26 |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде жетекчинин эмгек акысы мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысы менен теңештирилип, башкы адиске –башкы адистин, жетектөөчү адиске-жетектөөчү адистин, адиске –адистин эмгек акысы төлөнөт жана эмгек өргүүгө чыкканда бир айлык эмгек акы өлчөмүндө материалдык жардам жана бир айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Кичи тейлөөчү персоналдар менен техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” №22 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы А.К.Кебекбаева