Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы №2/5
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планы бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын .
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2022-жылдын 24-январындагы
II сессиясынын №2/5
токтому менен бекитилди
КАРА-CУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2022-ЖЫЛГА - ИШ-ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер
| Мөөнөтү | Жооптуулар |
1 | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2021-жылга жыйынтыктары жөнүндө 2022-2023-жылдарга карата экономикалык божомолу | I квартал
| Кара-Суу шаар мэриясынын, шаардык кенештин аппараты жана туруктуу комиссиясы |
2 | Кара-Суу шаарынын 2021-жылга бюджетин аткаруунун отчету | Кара-Суу шаар мэриясынын ФЭБ, туруктуу комиссия | |
3 | Кара-Суу шаар мэриясынын аппаратынын иш алып баруусу жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия | |
4 | Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө | Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору | |
5 | Кара-Суу шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча аткарылган иштер боюнча отчету |
II квартал
| Кара-Суу шаар мэриясы, ММБ департаменти, «Ак-Мээнет» АК |
6 | «Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору | |
7 | Кара-Суу шаарынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында чет элдик инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча алып барылып жаткан иштери жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору | |
8 | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысынын отчету | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы | |
9 | Кара-Суу шаарындагы мектептерде окуу тарбиялык иштеринин жана шашке тамактарынын уюштурулушу, жаш өспүрүмдөр арасына кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө | Ш.Осмоналиев соц.масел.башкы адиси Мектеп директорлору, ИДН, шаардык аймактык тескөөчүлөр, туруктуу комиссия | |
10 | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыктары жана экинчи кварталына милдеттери жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссиялар | |
11 | Кара-Суу шаар мэриясынын укук коргоо органдары менен бирдикте коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия | |
12 | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыгына милдеттери жөнүндө |
III квартал
| Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссиялар |
13 | Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
14 | «Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө» | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
15 | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө | IV квартал
| Кара-Суу шаарынын мэриясы |
16 | Кара-Суу шаарынын мэринин 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчету
| Кара-Суу шаарынын мэри | |
17 | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
| Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссия | |
Уюштуруу-практикалык ишчаралар
| |||
18 | Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамына ылайык шаардын аймагында көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүү | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
19 | Кара-Суу шаарындагы жаштар комитети, социалдык кызматкери менен биргеликте элдин ынтымагы, биримдигин даңазалаган маданий массалык иш чараларды өткөрүү | ай сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар
|
20 | Шаардагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим алуусун сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча иш план түзүү | январь | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
21 | Мыйзамсыз курулуштар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу | Квартал сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
22 | Өндүрүш процессине оперативдүү таасир тийгизүү максатында шаардын өнөр жай ишканаларынын иштерин талдоо жана мониторинг жүргүзүү | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
23 | Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун туруктуу чараларын көрүүнү уюштуруу, тиешелүү чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
24 | Шаардын укук коргоо органдарынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгын квартал сайын кароо | квартал сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
25 | Кыргыз Республикасынын кесиптик майрамдарына жана даталуу күндөрүнө байланышкан иш-чараларды сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
Кара-Суу шаардык
кеңешинин жооптуу катчысы А.К.Кебекбаева