Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы №2/7
Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунун базасында дене-тарбия жана спорт бөлүмүн ачуу жөнүндө
Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунун базасында дене-тарбия жана спорт бөлүмүн ачуу боюнча сунушту угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунун базасында дене-тарбия жана спорт бөлүмүн ачууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн штаттык структурасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесинин негизинде “Газпром” балдар ден-соолукту чыңдоочу борборунун имараты “Манас” стадионунун базасында дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берилсин.
4. “Манас” стадионунун базасында дене-тарбия жана спорт бөлүмүн ачуу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо “Манас” стадионунун директоруна жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |
|
|
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2022-жылдын 24-январындагы
II сессиясынын №2/7
токтомуна 1 тиркеме
Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны |
1 | Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы- “Манас” стадионун директору | 1 |
2 | Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн -“Манас” стадионун финансист-эсепчиси | 1 |
3 | Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн – “Манас” стадионун күзөтчүсү | 1 |
4 | Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн -“Манас” стадионун тазалоочусу- | 1 |
| Баардыгы | 4 |
Жоопту катчы | А.К.Кебекбаева |
|