Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/2
Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга каралган бюджетинин долбоору тууралуу Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевдин маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2022-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жайыт салыгы ичинде 350 000 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, 2022-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Кадамбаева |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 21.01.2022-жылдагы кезектеги IV сессиясынын № 4/2 токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча
СМЕТАСЫ
№ | Малдын түрү | Малдын саны | ШМБ | Жайыт пайдалануу үчүн 1 башына чегерилген төлөм (сом) | Жайыт пайдалануу үчүн төлөөнүчү суммасы |
| |||
Киреше | анын ичинен квартал боюнча | ||||||||
I | II | III | IV | ||||||
1 | Ийри мүйүздүү мал | 2430 | 2430 | 50 | 121500 | 9300 | 54440 | 47360 | 10400 |
2 | Жылкы | 1862 | 1862 | 50 | 93100 | 12000 | 42300 | 32000 | 6800 |
3 | Кой- эчки | 10540 | 5270 | 10 | 105400 | 2874 | 41581 | 40270 | 20675 |
| Бардыгы: |
| 10439 |
| 320000 | 24174 | 138321 | 119630 | 37875 |
4 | Келишим боюнча “Билайн” компаниясынан |
|
|
| 30000 | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
| Жалпы сумма: |
|
|
| 350000 | 31674 | 145821 | 127130 | 45375 |
| Чыгаша | анын ичинен квартал боюнча | |||||
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Статья | Бардыгы | I | II | III | IV |
1 | Инфраструктураны оңдоо |
| 14300 | - | 7300 | 7000 | - |
2 | Эмгек акы |
| 124000 | 15500 | 46500 | 46500 | 15500 |
3 | Соц. Фонд |
| 21390 | 2674 | 8021 | 8021 | 2674 |
4 | Сапар чыгым |
| 2000 | 1000 | 500 | 500 | - |
5 | Транспорт чыгым |
| 17000 | 4000 | 5000 | 5000 | 3000 |
6 | Канц товар |
| 3000 | 1500 | 500 | 500 | - |
7 | Ар түрдүү чыгым |
| 15701 | 2000 | 5000 | 5000 | 3701 |
8 | Жайыт салыгы |
| 68914 | 5000 | 35000 | 28914 | - |
9 | Доходдун 1/3 бөлүгүн айыл өкмөткө чегерүү |
| 83695 | - | 38000 | 25695 | 20000 |
| Бардыгы: |
| 350000 | 31674 | 145821 | 127130 | 45375 |
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин катчысы | С. Осмоналиев |