Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/3
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 18.05.2021-жылдагы № 1/2 токтому менен кабыл алынган Регламентинин негизинде айылдык Кеңештин 2022-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планынын долбоору боюнча айылдык Кеңештин катчысы С.Осмоналиевдин берген маалыматын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркемелер тиркелет )
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Үтөңбай уулуна тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин ( VII чакырылыш) 21.01.2022-жылдагы кезектеги IV сессиясынын жыйналышынын № 4/3 токтомуна № 1 тиркеме
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн перспективалык
иш планы
№ | Каралуучу маселе | Каралуучу айы | Сессияга даярдоочу жооптуу кызматкерлер |
|
1 | Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу | ар бир кварталда | Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
2 | Айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштерини абалы жана 2022-жылга милдеттери жөнүндө | февраль | Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана айыл өкмөтүнүн аппараты |
|
3 | Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө | февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
4 | Айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча ветеринардык сервистердин 2021-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | февраль
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
5 | Жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
6 | Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу,жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, жайыт бирикмесинин төрагасы |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза суу,сугат суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин, суу чарба башкармалыгынын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, СООПВ башчысы, УОСтун өкүлү |
|
8 | Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун ,айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиялардын жана Аксакалдар Сотунун, Аялдар, Жаштар Кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, аймактык инспектор, коомдук Кеңештер жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
9 | Айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
10 | Ылай-Талаа айыл аймагынын калкын пенсия, пособия маалымат менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы |
|
11 | Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
12 | Айыл өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
13 | Сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
14 | Айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
15 | Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо № 7 ҮДТ жана ФАПтардын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, №7 ҮБДТ-нун башчысы |
|
16 | Эмгек коллективдерде жана айыл өкмөтүнүн аппаратында эмгек тартибин чыңдоо жана эмгек тартибин бузгандарга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү |
|
17 | Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиялар, ФЭБ башчысы |
|
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин катчысы | С.Осмоналиев |