Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-ноябры № 3/2.2
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине анын киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн каражаттарын бюджеттик планына кошуп өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн каражаттарын бюджеттик планына кошуп өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызынын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине анын киреше бөлүгүнө ашыкча каражат түшкөндүгүнө байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 11.11.2021-жылдагы
№ 3/2.2 токтомуна тиркеме
2021-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү
№ |
тармак
|
глава |
берене | өзгөртүүлөр | анын ичинен | ||||
көбөй түлөт | азай тылат | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||||
1 | 701 аппарат | 2111 | 100 | 188,8 | - | - | - | - | 188,8 |
2 | 701 с/фонд | 2121 | 100 | 27,9 | - | - | - | - | 27,9 |
3 | 708 клуб | 2111 | 100 | 9,4 | - | - | - | - | 9,4 |
4 | 708 с/фонд | 2121 | 100 | 1,9 | - | - | - | - | 1,9 |
5 | Ср/передав. | 1332 | 100 | 228,0 | - | - | - | - | 228,0 |
6 | Дом.культура 708 | 2215 | 100 | 50,3 | - | - | - | - | 50,3 |
7 | Детсад | 2222 | 100 | 76,19 | - | - | - | - | 76,19 |
8 | Средняя школа | 3111 | 100 | - | 66,4 | - | - | - | 66,4 |
9 | ЖКХ | 3111 | 100 | 66,4 | - | - | - | - | 66,4 |
10 | ЖКХ | 2215 | 100 | 59,59 | - | - | - | - | 59,59 |
11 | Средняя школа | 2222 | 100 | 28,05 | - | - | - | - | 28,05 |
12 | Средняя школа | 2222 | 100 | - | 51,19 | - | - | - | 51,19 |
13 | Соц.защита | 2721 | 100 | 72,0 | - | - | - | - | 72,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
| 808,53 | 117,59 | - | - | - | 926,12 |
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин катчысы | С.Осмоналиев |