Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-январы № 1
Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-пландын долбоору боюнча Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Таалайбек кызы Нурперинин 15.01.2022-жылдагы сунушу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планы бекитилсин.
Иш-план тиркелет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Акназаров |
БЕКИТЕМИН
Жылалды айылдык кеңешинин
төрагасы:_______ М.Акназаров
20-январь 2022-жыл
Жылалды айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | 1.Айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү.
2.Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы.
3.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү.
4. Жайыт комитетинин төрагасынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери жана 2022-жылга карата бюджетинин сметасын бекитүү | 1-квартал | Туруктуу комиссия
Айыл өкмөтүнүн башчысы
ФЭБнүн башчысы Туруктуу комиссия
Жайыт комитетинин төрагасы Туруктуу комиссия |
2 | 1. Билим берүү мекемелеринин жана балдар-бакчасынын 2021-2022-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.
3. Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө. | 2-квартал | Соц. адис Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
Жер. адис Туруктуу комиссия |
3 | 1.Айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана 2022-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы жөнүндө.
2.Кышка карата даярдыктар жөнүндө.
3.Айыл өкмөттүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. | 3-квартал | ФЭБнүн башчысы Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия
Айыл башчылар Туруктуу комиссия |
4 | 1.Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
2.СВА, ФАП, почта бөлүмдөрүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
3.Маданият үйүнүн жана айылдык китепкананын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө. | 4-квартал | Аймактык инспекторлор Туруктуу комиссия
Соц. адис Туруктуу комиссия
Соц. адис Туруктуу комиссия |
Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | Таалайбек к Н |