Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 17-декабры №26/VII-28
"Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү "
Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Б. Токталиеванын “Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобосун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин (1 тиркеме).
2. Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам
5000(беш миң)сом өлчөмүндө көрсөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
3. Люксембург айылдык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
а) 2018-жылдын 24-январындагы №48/11/27 “Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө”
б) 2018-жылдын 15-августундагы №66/15/27 «Люксембург айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Шайлдабеков |
Люксембург айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №26/VII-28 токтомуна 1 тиркеме
"Люксембург айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам
көрсөтүү тартиби жөнүндө" Жобо
Жалпы жоболор
1.1.Бул жобо " Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө","Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
1.2.Жобонун күчү аз камсыз болгон, кароосуз калган тургундарга жана жеңилдик алууга укугу бар жарандарга, ошондой эле туруктуу каттоосу болгон учурда же каттоосу жок жашаган 3 жылдан кем эмес адамдарга компенсациялык төлөмдөргө карата колдонулат.
1.3.Жобо даректүү социалдык жардам берүү тартибин, муктаждык критерийлерин аныктайт, аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу, тариздоо жана эсепке алуу жол-жоболорун жөнгө салат,
2.Бул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер.
2.1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
а) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен томон болгон үй-бүлө;
б) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен томон болгон үй-бүлө;
в) эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыга элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, күндүзгү негизде окуган, жыйырма үч жашка чыкканга чейин орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери); медициналык - социалдык эксперттик комиссия (мындан ары -МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; пенсия курагына жеткен жарандар;
г) муктаждуулукту аныктоо - даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдеп билүү;
д) жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферлерден (пенсиялар, стипендиялар, айлык акы жана электр энергиясына берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдөн башка башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;
е) жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар;
ж) жарды үй-бүлөнүн социалдык паспорту - жарды үй-бүлөнүн курамы, жашоо деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндө анкета, булардын негизинде жарды үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгат;
з) киши башына орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси;
и) эсептик көрсөткүч - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү социалдык төлөөлөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, административдик өндүрүп алуулардын жана айып пулдардын, башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн нормативдүү акча көрсөткүчү;
к ) комиссиялар - социалдык маселелерге тиешелүү жарандардын каттарын жана арыздарын кароо үчүн Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын алдында түзүлүүчү органдар.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
- Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча адиси:
- Люксембург айыл өкмөтүнүн Киршелк айылынын айыл башчысы;
- макулдашуу боюнча Люксембург айылдык кеңештин депуттары (2 адам)
З.Материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары
ЗЛ. Материалдык жардам көрсөтүлөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;
- оруктун эмгекчилерине, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын -жесирлерине;
- башка мамлекеттердин согуш аракеттерине катышкан аскер кызматчыларына;
-Чернобыль АЭСинде болгон аварийный катышуучуларына жана жабыркагандарга;
- 1,2-топтогу майыптарга;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту бар үй-бүлөлөргө;
- камкорчу жетим балдарга жана 18 жашка чейинки жарым жетим балдарга;
- ай сайын 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучуларга;
- оор материалдык абалда болгон жарандарга, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына, социалдык-тиричилик шарттарына, курагына, ден соолугунун абалына жана көңүл бурууга арзыган башка жагдайларга жараша.
3.2. Материалдык жардам жылына бир жолу арыз берүү принциби боюнча арыз ээсинин турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысына жана муктаждыгын аныктаган документтерге ылайык берилет.
3.3. Люксембург айыл аймагында жашаган же каттоосуз жашаган 3 жылдан кем эмес (катталган жери боюнча же жашаган жери боюнча материалдык жардам берүү мүмкүнчүлүгү жок экендиги тууралуу маалымат болгондо) жашаган жарандар материалдык жардамды алууга укуктуу.
3.4. Материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө жалпы кирешеси жакырчылыктын чегинен ашпаган үй-бүлөлөргө көрсөтүлөт
3.5. Материалдык жардам көрсөтүлөт:
- отун сатып алуу үчүн (меш менен жылытуусу бар);
- шашылыш дарыланууну алуу үчүн;
- балдардын мектепке керектүү буюмдарын жана зарыл буюмдарды сатып алуу үчүн;
- материалдык колдоону талап кылган башка күтүлбөгөн жагдайлар үчүн.
3.6. Материалдык жардам үчүн кайрылган адам төмөнкү тийиштүү документтерди берет:
- инсандыгын тастыктаган документ;
- жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат;
- эмгек акы жөнүндө маалымкат;
- калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкат;
- пенсиянын же жөлөкпулдун өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- майыптуулуктун тобу бар экенин тастыктаган документ;
- зарыл болгон учурда башка ырастоочу документтерди;
3.7. Материалдык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат::
- арыз ээси тарабынан толук эмес же анык эмес маалыматтар берилсе;;
- жарандын мамлекеттик толук камсыздыкта болушу;
- - арыз ээсинин ушул Жобого ылайык материалдык жардам алуу укугунун жоктугу;
- 3.8. Материалдык жардам көрсөтүү же баш тартуу жөнүндө чечим Люксембург айыл өкмөтүнун социалдык маселелер боюнча комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
Люксембург айыл өкмөтү арыз ээси кайрылгандан жана аларга керектүү документтер берилгенден кийин 14 иш күндөн кечиктирбестен материалдык жардам көрсөтүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберет. Кабарлоодо көрсөтүлгөн материалдык жардамдын өлчөмү, ал эми баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда материалдык жардамды берүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Шайлдабеков |