Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №19/7-5
Токмок шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ
(Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 66/13-6 токтомунун редакциясына ылайык)
Токмок ш. мэриясынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы №1681/1-4, №1683/1-4 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2021-жылдын 10-декабрындагы
№19/7-5 токтомуна тиркеме
Коомдук шаардык жүргүнчүлөр (кичи автобустар) транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн
ТАРИФИ
(Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 66/13-6 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Шаар ичиндеги каттамдарда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы
№ | Маршруттун аталышы жана № | Тарифи |
1 | № 110 “Базар – Чүй а.” | 20 сом |
2 | № 115 “Базар – Сахзавод а.” | 20 сом |
3 | № 105, 106 “Базар-Ленин көч., Күнчыгыш-Ленин көч.” | 20 сом |
4 | № 112 “Кичи райондор-Ленин көч.” | 20 сом |
5 | № 103, 107 “Базар – Чуй а.” | 20 сом |
6 | № 104 “Базар – Винсовхоз а.” | 20 сом |
7 | № 102, 114 “Базар – Сахзавод а.” | 20 сом |
8 | № 111 “Базар – Кичи райондор” | 20 сом |
9 | № 8, 9 “Базар – Кичи райондор” | 20 сом |
10 | № 108, 109 “Базар – Кичи райондор” | 20 сом |
2.Жеңилдетилген жол акысына укугу бар 10,00 сом.
коомдук транспортто Токмок шаарынын жарандарынын төмөнкү категорияларына:
- пенсионерлерге;
- I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- бала чагынан майып адамдар;
- балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары).
Коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто арзандатылган төлөмгө негиз болуп жеңилдетилген жол акысына укугу бар жарандардын категорияларына таандыктыгын ырастоочу, персоналдаштырылган картасы жана документтери эсептелет.
3. Шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы
№ | Маршруттун аталышы жана № | Тарифи | |
1 | № 399 “Токмок – Дордой” | 110 сом | |
2 | № 353 “Токмок – Бишкек” (экспресс) | 100 сом | |
3 | № 300 “Токмок – Бишкек” (жөнөкөй) | 90 сом | |
4 | № 212 “Токмок – Советское” | 40 сом | |
5 | № 303 “Кегети – Бишкек” | 70 сом | |
6 | № 383 “Токмок – Лесхоз” | 55 сом | |
7 | № 159 “Токмок – Кошкоргон” | 35 сом | |
8 | № 209 “Токмок – Кошой” | 40 сом | |
9 | № 220 “Токмок – Кызыл-Аскер” | 35 сом | |
10 | № 208 “Токмок – Кызыл-Суу” | 50 сом | |
11 | № 213 “Токмок – Он Бир Жылга” | 40 сом | |
12 | № 156 “Токмок – Шамшы” | 50 сом | |
13 | № 915 “Токмок – Виноградное” | 15 сом | |
14 | № 219 “Токмок – Ак-Бешим” | 20 сом | |
15 | № 221 “Токмок – Интернат” | 25 сом | |
16 | № 216 “Токмок – Юрьевка” | 50 сом | |
17 | № 304 “Кара-Ой – Бишкек” | 70 сом | |
18 | № 203 “Токмок – Чоң-Кемин” | 100 сом | |
19 | № 600 “Токмок – Каракол” | 500 сом | |
20 | № 560 “Токмок – Чолпон-Ата – Бостери” | 400 сом | |
21 | № 350 “Токмок-Бишкек” (жөнөкөй) | 90 сом |
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |