Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-декабры №18/7-5
“Токмок Водоканал” МИнын абоненттеринин ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды тазалоо үчүн тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ
“Токмок Водоканал” МИнын 2021-жылдын 29-октябырындагы №379-катынын жана Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок Водоканал” МИнын абоненттеринин ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды тазалоо үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2021-жылдын 10-декабрындагы
№18/7-5 токтомуна тиркеме
«Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана агынды сууларды тазалоого тарифтери
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Ичүүчү сууга тариф | Агынды сууларды тазалоого тариф |
1. | Калк | 1 м3 | 9 сом 60т | 6 сом 00т
|
2. | Өнөр жай, бюджеттик жана башка уюмдар |
1м3 |
31 сом 80 т |
20 сом 90 т |
Жооптуу катчы | М.А.Табалдиев |