Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №7
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин тикелей сатуу жөнүндө” Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 57-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.02.2022-жылдагы чыгыш №01-23/25 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин тикелей сатуу жөнүндө” Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин тикелей сатуу жөнүндө” Жобосу менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) милдеттендирилсин.
3. “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин тикелей сатуу боюнча жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “24”-февраль 2022-жылдагы
№7-токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин тикелей сатуу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор.
II. Тикелей сатуу мамилелердин негизги катышуучулары жана батир алуучу жактардын категориялары.
III. Тикелей сатуу менен батирди берүүнүн шарттары.
IV. Тикелей сатуу шартында батирди берүүнүн негизги этаптары.
V. Тикелей сатуу шартында бөлүнүп берилүүчү батирлерди баалоо.
VI. Комиссиянын укук-милдеттери жана функциялары.
VII. Тикелей сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн үстүнөн көзөмөл.
VIII. Талаштарды чечүү.
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо (мындан ары – Жобо) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №153 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирлерди тикелей сатуу шартында түз сатуу (мындан ары тикелей сатуу) менен бөлүп берүүнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Турак-жай, Жарандык кодекстерин жетекчиликке алуу менен Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батирин (мындан ары батир) өзбилемдик менен ээлеп алып бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жаткан жана өз эсебинен батирди калыбына келтирип туруктуу жашап жаткан жарандарына батирди тикелей сатуу аркылуу багытында иштелип чыкты.
1.2. Тикелей сатуу боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Турак-жай, Жарандык кодекси, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин токтомдору, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтомдору, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик актылары менен жөнгө салынат.
1.3. Бул жобо тикелей сатуу шартта батирлерди бөлүштүрүүнүн процессине карата негизги талаптарды аныктайт жана батирди тикелей сатуу менен алуучу бардык жарандарга аткаруу үчүн милдеттүү.
1.4. Бул жободо төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
а) көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн ошдондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак-жай;
б) көп батирлүү үй - эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак-ай имараты;
в) турак-жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верендаларды жана терассаларды кошпогондо, турак-жайдын аянттарынын суммасы.
1.5. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батиринин туруктуу жашап жаткан жарандар турак-жай укук мамилелеринин субьектилери болуп саналат.
II. Тикелей сатуу мамилелердин негизги катышуучулары жана турак-жай алуучу жактардын категориялары.
2.1. Батирди тикелей сатып алуучулар – менчик ээси менен түзүлгөн келишимдин шарттары боюнча батирди алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдөгү 36 батиринде жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, жаш курагы 18 ден жогору жаштагы жарандар;
2.3. Тикелей сатуу шартында Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрүнөн батир алууга өтүнүч берген жарандар үчүн төмөндөгү талаптар жана шарттар милдеттү түрдө каралат ошондой эле батир алуу укуктук-мамилеринде ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет;
2.3.1. Батир үчүн төлөнүүчү акча каражатын белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн өлчөмүн төлөө убактысынан кечиктирбей төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар жана киреше булактары туурасында маалыматтарды ырастоочу документтер (эмгек маяна, ишкердик кирешелери, туугандары жана башка демөөрчүлөр тарабынан берилүүчү жардамдар, айыл чарба, мал чарбасы, көп жылдык өсүмдүктөр, жерлерин иштетүүдөн түшкөн кирешелер) ачыктаган шарттар;
2.3.2. Макулдук берилген батирдин акча каражатынын 10% чейин төлөөсүн комиссиянын чечими менен аныкталат;
2.3.3. Тикелей сатуу шартындагы батир 10 жылга чейин пайсыз берилет;
2.3.4. Тикелей сатуу келишими түзүлүп 2022-жылдын 30-декабрына чейин сатып алуучу батирдин акысын тологу менен төлөп койсо 10% женилдик берилет.
2.4. Тикелей сатуу шартында көп кабаттуу үйлөрдөгү батирди бөлүп берүү боюнча өтүнүч берген адам Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (мындан ары ММБ) төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрүнөн батирди бөлүп берүү жөнүндөгү арыз;
- паспорт жана үй-бүлөө курамынын өздүгүн аныктоочу документтин көчүрмөсү;
- “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен турак жайы, батири же жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер участогу тууралуу акыркы үч жылдагы маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
- иштеген жеринен маалымкат жана өтүнүч кат (эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкаты.
2.5. Документтердин аныктыгы, тактыгы боюнча тапшырган жарандар жана аларды берген мекеме-уюмдар жоопкерчиликтүү болот.
2.6. Тикелей сатуу шартындагы батирлер Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрүндөгү батирлеринде туруктуу жашаган жарандар үчүн эреже катары бир үй-бүлөөгө бир батир берилет.
2.7. Тикелей сатуу шартында батир алууга укугу бар Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрүндөгү 36 батиринде жашаган жарандардын берген арыздарынын жүргүзөт.
III. Тикелей сатуу менен батирди берүүнүн шарттары.
3.1. Тикелей сатуу жолу менен батирди, жарандарга ушул жободо көрсөтүлгөн 6.4 пунктусунда көрсөтүлгөн комиссиянын макулдугу менен берилет.
3.2. Тикелей сатуу шартта берилген турак-жай кепилдикти камсыздоочу катары кызмат кылат (күрөөгө кармалат).
3.3. Тикелей сатып алуучу милдеттемелерин аткарбаган учурда менчик ээсине бересесин жоюу үчүн карыз батирди алып коюп, кийин сатуунун же жергиликтүү бюджетин эсебинен өндүрүлөт. Карыз жоюлгандан кийин бересени өндүрүүгө жана батирди сатууга байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаргандан кийин калган сумма батир алуучуга кайра берилет.
3.4. Тикелей сатуу шартында батир алууга өтүнүч берген жарандардын жубайы батир алууга нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдук жана кепилдиктерди беришет.
IV. Тикелей сатуу шартында батирди берүүнүн негизги этаптары.
4.1. Бул тартип төмөнкүдөй негизги этаптардан турат:
- Тикелей сатуу шартта батир бөлүп берүү жөнүндө арызды кабыл алуу;
- Тикелей сатуунун предмети болгон батирди баалоо.
4.2. Аткарылган жумуштун кызмат акысы батир берүүчү тарабынан төлөнөт.
V. Тикелей сатуу шартында бөлүнүп берилүүчү батирлерди баалоо
5.1. Тикелей сатуу тартибинде бөлүнүп берилүүчү батирлерди баалоо адистештирилген баалоочу компаниялар тарабынан же тийиштүү лицензиясы бар баалоочу жана менчик ээси тарабынан тендердик негизде тандалган баалоочу тарабынан жүргүзүлөт.
5.2. Тикелей сатуу тартибинде бөлүнүп берилүүчү батирлер абделкасы, эшик- терезелери жок жана сантехникалык, электр жабдуулары жок абалда бааланат.
VI. Комиссиянын укук-милдеттери жана функциялары
6.1. Комиссиянын курамы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
6.2. Комиссиянын курамынын үчтөн бири Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлөт.
6.3. Комиссиянын төрагасын шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн арасынан көпчүлүк добуш менен шайланат.
6.4. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү кызматтардан жана чарбакер субьекттерден отурумда каралуучу маселелерге таандык документтерди, маалымкаттарды, корутундуларды жана башка материалдарды алууга;
- тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- комиссиянын иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- тикелей сатуу жолу менен батирде жашап жаткан жарандарга батирди сатууга берүүгө макулдук берүү жана белгиленген тартипте жарандардын өтүнүчтөрүн канаатандыруусуз калтыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- баалоочунун корутундуларын бекитүүгө жана корутунду боюнча каршы пикир келтирип кайрадан кароого жөнөтүүгө.
6.5.Комиссиянын милдеттери:
- кабыл алынган тиешелүү чечимдер боюнча тикелей сатуунун укук-мамилелеринин катышуучуларына, комиссиянын отуруму болуп өткөндөн кийин 14 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу түрүндө кабар берүүгө;
- бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлөө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн санына (багуучусуна) жараша, үй-бүлөөдө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын топтук таандыктуулугун эске алуу менен өтүнүчтү кароого.
6.6. Комиссия функциялары:
- тикелей сатуу шартта батирди бөлүп берүү боюнча арыздарды, аларга кошулган документтерди белгиленген тартипте изилдейт жана батирди бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат;
- батирди тикелей сатып алуучу кайтыш болуп калган учурда КРнын мыйзамдарына көрсөтүлгөн укук мураскоруна батирди бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат;
- батирде жашап жаткан жарандардын батир алууга арыз берүүсүнүн фактысын комиссия эсепке алуу журналына каттайт, ал номерленип, боо өткөрүлүп байланып жана барактын санын көрсөтүү менен мөөр басып чапталат;
- комиссия арыз келип түшкөндөн баштап эки айдын ичинде чечим чыгарат;
- комиссия жарандардын арыздарын белгиленген тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет, чечим комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
Комиссия кабыл алган протокол Жалал-Абад шаардык кеңешинин токтому менен бекитилет.
Комиссиянын күнүмдүк жумушун ММБнын жалпы бөлүмү ишке ашырат.
6.7. Комиссиянын өткөрүү тартиби:
6.7.1. Бардык материалдар жана керектүү иш кагаздар ММБнын жалпы бөлүмүндө чогултулат жана комиссиянын отурумуна протоколдун долбоору даярдалат;
6.7.2. Даярдалган протоколдун долбоору комиссиянын ар бир мүчөсүнө отурум өткөрүүгө үч күн калганга чейин таркатылат;
6.7.3. Комиссиянын мүчөлөрү күн тартибине коюлган материалдар менен таанышат жана протоколдун долбоору боюнча катчылыка жазуу түрүндө алымча-кошумчаларды, сунуштарды берет;
6.7.4. Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси жыйынга катышкан учурда чечим кабыл алынат жана кворум бар деп эсептелет;
6.7.5. Чечимдер комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат;
6.7.6. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык милдетин аткаруучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет;
6.7.7. Комиссиянын чечими, тикелей сатуу шартта батирди алууга макулдук берүүчү токтомдорду даярдоого негиз болуучу протокол менен таризделет;
6.7.8. Комиссиянын чечимине белгиленген тартипте даттануу берилиши мүмкүн.
VII. Тикелей сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн үстүнөн көзөмөл.
7.1 ММБгы тикелей сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн үстүнөн көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү тартипте жүргүзөт:
- тикелей сатып алуучунун төлөм жөндөмдүүлүгү маселелери боюнча маалыматтарды жана тиешелүү документтердин белгиленген тартипте алынышын изилдөө;
- экспертиза жүргүзүүгө квалификациялуу адистерди тартуу;
- тикелей сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жаза, пеня чегерүү;
- тикелей сатуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткан тараптарды сот органдарына өткөрүп берүү;
- тикелей сатуу келишими боюнча белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммаларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкцияларды төлөм тапшырмаларын берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин негизинде төлөөчүнүн мүлкүн алуу жолдору менен төлөтүп алуу.
7.2. Тикелей сатып алуучу төлөмдөрдү графикке ылайык өз убагында толук өлчөмдө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамдарына ылайык жооп берет.
7.3. Тикелей сатып алуучу келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган же карыз болуп калган учурда ММБ тарабынан ага келишимди бузуу боюнча белгилүү формада билдирүү жөнөтүлөт.
7.4. Тикелей сатып алуучу карыз болуп калган учурда келип түшкөн төлөмдөрдүн суммалары карыз пайда болгон мезгилден берки карыздарды өчүрүүгө жумшалат.
7.5. Графикте каралган төлөө мөөнөтү эс алуу (майрам) күндөргө туш келип калган учурда төлөө мөөнөтү болуп андан кийинки күн саналат.
7.6. Төлөө күнү болуп тикелей сатуу келишиминде көрсөтүлгөн эсеп счетуна накталай акча каражаттары түшкөн же которулган күн эсептелинет.
7.7. Мөөнөтү өткөн карызга график боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткен күндүөн кийинки күндөн тартып тикелей сатуу келишиминде көрсөтүлгөн эсеп счетуна төлөм жүргүзүлгөн күнгө чейин (ошол күн кошо) мурдагы мөөнөттө чегерилген штрафтык санкциялар менен пеняларды эсепке албастан пеня чегерилет.
7.8. Ар бир төлөөчү боюнча пенялардын суммасы автоматтык түрдө же төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир айга эсептөө жолу менен, пеня чегерүүнүн эсебин белгилүү формада түзүү аркылуу эсептелинет.
7.9. Чегерилген пенянын жалпы суммасы сатып алуу сатуу келишиминде көрсөтүлгөн суммадан ашык болбоого тийиш.
7.10. Тикелей сатып алуучу карыз болуп үч ай катары менен төлөбөгөндө берилген батир комиссиянын чечими менен муниципалдык менчикке кайтарылат.
7.11. Тикелей сатып алуучу мөөнөтүнөн мурда төлөмдөрдү төлөп койсо батирди комиссиянын чечими менен тикелей сатып алуучуга ММБгы өткөрүп берүүгө милдеттүү.
VIII. Талаштарды чечүү
8.1. Тараптардын милдеттемелерди аткаруу учурунда пайда болгон талаштар жана пикир келишпестиктер ушул жобого ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8.2. Тараптар макулдаша алышпаган учурда талаштар жана пикир келишпестиктер сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
Шаардык кеӊештин башкы адиси О.Эшенкулов