Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 01
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, 2021-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков бир жылдык отчетун берди.
Б.Болгонбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2021-жыл ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
1) Конкурстун (мамлекеттик сатып алуу) жыйынтыгы менен курулуш иштери боюнча түзүлгөн ар бир келишимдин шарттарынын так аткарылышы көзөмөлгө алынсын;
2) Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү бекитилген, макулдашылган тартипте аткарууга алынсын;
3) Сырттан инвестиция тартуу иштери боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн;
4) мурда берилген токтом, протоколдук тапшырмаларды аткаруу боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн;
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (К.Дербишев, С.Абышов, У.Тойчубеков, Д.Караева).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |